Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:58

Бишкек мэриясы оңдолгон жолдордун сапатын көзөмөлүнө алат


Бишкектеги капиталдык оңдоо жүргүзүлүп жаткан жолдордун бири. Август, 2024-жыл.
Бишкектеги капиталдык оңдоо жүргүзүлүп жаткан жолдордун бири. Август, 2024-жыл.

Бишкек шаарынын мэриясы көп жылдардан бери оңдолбой, быйылкы жылы капиталдык ремонттон өткөрүлүп жаткан жолдордун сапатына катуу көзөмөл кыларын билдирди.

Мэриянын басма сөз кызматы 16-августта маалымдагандай, мэр Айбек Жунушалиев жолдорду сапаттуу жана мөөнөтүндө оңдоону тапшырган.

Маалыматта быйылкы оңдолгон жолдордун арасынан ушул тапта Ахунбаев жана Абдрахманов көчөлөрүндө капиталдык ремонт аягына чыкканы жазылган.

Жолдорду оңдогон ишканалар, келишимге ылайык, анын сапатына үч жылдык кепилдик берет. Бул аралыкта чөгүп, жарылып же сапатын жоготкон жол тилкелерин компания өз эсебинен калыбына келтирет. Буга чейин соцтармактарда жана маалымат каражаттарында шаар тургундары тарабынан көрсөтүлгөн жолдогу кемчиликтер август айынын аягына чейин жоюлат.

Калаа башчылыгы шаар тургундарына кайрылып, оңдолгон жол тилкелери жарактан чыкканын же мүчүлүштүктөр болсо ыкчам байланыш телефондору аркылуу билдирүүгө чакырды.

Октябрь району — (0708) 83-83-23, (0312) 53-03-15 (Осмоналиев Азамат);
Ленин району — (0555) 31-21-85, (0312) 53-03-15 (Шаршамбеков Кубаныч);
Биринчи май району — (0500) 50-02-57, (0312) 53-03-15 (Мамыр уулу Бакберген);
Свердлов району — (0707) 65-17-17, (0312) 53-03-15 (Бөрүбаев Талант).

Июлдун аягында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкектин бир катар көчөлөрүн реконструкциялоодо жана курууда милдеттемелерди аткарууну кечеңдетүү жана аткарбоо фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров быйыл апрелде "Кабар" агенттигине курган маегинде, өткөн жылы Бишкек шаарындагы 18 көчөнүн жолун капиталдык оңдоодо 15 жеке компания тартылганын, алардын алтоонун жумушунда кемчиликтер аныкталып, өз каражатынын эсебинен кайра оңдой турганын айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG