Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт


15-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Эртең менен жана күндүз Ысык-Көл облусунун, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32 градус ысыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүн биринчи жарымында ала булут каптап турат. Өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүн экинчи жарымында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 37…39° ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 13-августта күндүз 23,4°, 14-августта эртең менен 21,8° түздү.

XS
SM
MD
LG