Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт


13-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Ош облусунун тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз дээрлик жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күңдүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндуз 33…38;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндуз 33…38;

Ысык-Көл облусунда тункүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 19…21°, күндүз 35…37° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 11-августта күндүз 23,9°, 12-августта эртең менен 21,4° түздү.

XS
SM
MD
LG