Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:03

"Акматбаев менен Көлбаевдин тобуна тиешеси болгон". УКМК Эркин Мамбеталиевди кармады


Эркин Мамбеталиев
Эркин Мамбеталиев

Бишкекте Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы катары таанымал Эркин Мамбеталиев кармалды. УКМК аны кримтөбөл деп атап, уюшкан кылмыштуу топко катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлүп, Караколдогу убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирди.

Коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча Мамбеталиевдин төрт миллион доллардан ашык мыйзамсыз жол менен алынган мүлкү аныкталганы да айтылды.

8-августта Бишкектеги "Дордой Плаза" соода борборунун жанынан Эркин Мамбеталиевге түспөлдөш адамдын кармалганы тууралуу видео тасмалар тараган. Анда Мамбеталиевге окшош адамдын унаада кетип баратканда Улуттук коопсуздук кызматы токтотуп, өзүн алып чыккандан кийин анын унаасында тинтүү иштерин жүргүзгөн. Муну күбөлөр чөнтөк телефонго видеого да тартып алган.

Эркин Мамбеталиевди кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.
Эркин Мамбеталиевди кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.

9-августта УКМК расмий маалымат таратып, Эркин Мамбеталиев кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев жана Рысбек Акматбаевдин криминалдык чөйрөсүндөгү "кылмыштуу байланыштарын жана андагы өзгөчө таасиринен пайдаланып, алардын колдоосу менен коммерциялык мүнөздөгү жеке маселелерди чечкени аныкталган" деп билдирди.

"Тагыраагы, Э.Мамбеталиев узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, батир, жер тилкелерди, коммерциялык объекттерди, кымбат баалуу автомобилдерди жакын туугандарына каттаган жана алардын көпчүлүгүнүн эч кандай уруксат берүүчү документтери жок болгон".

Эркин Мамбеталиевдин үйүнөн алынган курал-жарак
Эркин Мамбеталиевдин үйүнөн алынган курал-жарак

Уюшкан кылмыштуу топко катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерлери Мамбеталиевдин үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында ок атуучу курал-жарак алынып, төрт млн АКШ долларынан ашык мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөр аныкталган.

Мамбеталиевдин Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы үйү
Мамбеталиевдин Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы үйү

Мындан улам, Мамбеталиев КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топко катышуу) боюнча Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Мамбеталиев байланышы болгон делген Кыргызстандагы “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 20230жылы 4-октябрда Бишкекте атайын операция маалында жок кылынган.

Ал эми кримтөбөл Рысбек Акматбаев 2006-жылдын 10-майында Бишкек шаарына жакын жердеги Көк-Жар айылында атып өлтүрүлгөн.

Эркин Мамбеталиев ким?

Бул ысым 2000-жылдары коомчулукка тааныла баштаган. Ал жылдары эл аны саясатчы Алмазбек Атамбаевдин жеке жан сакчысы катары билген. Алгачкы ирет аны укук коргоо органдары 2004-жылы кармап, киши колдуу болгон милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмүнө шектүү катары көрсөткөн. Бирок 2005-жылкы Март революциясынан кийин сот анын ишин кайра карап чыгып, Мамбеталиевди актаган чечим чыгарган.

2006-жылы Мамбеталиев экинчи ирет кармалып, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди 2005-жылы июнда "өлтүрүүгө катыштыгы бар экени" да айтылган.

2008-жылы Жогорку сот анын үч адамдын өлүмүнө катышы бар деген негизде өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин Мамбеталиев түрмөдөн мунапыс менен эркиндикке чыккан.


Ал камактан чыкканда "Алмазбек Атамбаев кийлигишти" деген сөз тараган. Бирок Мамбеталиев 2019-жылы "Азаттыкка" берген комментарийинде эркиндикке чыгышына мурдагы президенттин тиешеси жок экенин, киши өлтүрүүгө барбаганын кыстара кеткен эле.

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков убагында кылмыштары үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган Мамбеталиевдин мунапыс менен камактан чыгышына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "түздөн түз кийлигишкен" деп эсептейт.

"Ошол кездеги президент Атамбаевдин түздөн түз кийлигишүүсүнүн негизинде Мамбеталиевди Жогорку Сотко алып келип, актап, камактан чыгарып жиберишкен. Атамбаевге жакын адамдардын көбү ошол кезде бизнеске аралашып, тез байыган, алардын арасында Мамбеталиев да бар болчу. Ачыгын айтканда, ошол убакта өкмөткө келген бийликтин көп мүчөлөрү ушул маселени көтөрбөй, кайдыгер караган. Кийин Жээнбеков президент болгондо Мамбеталиев Баткенде көмөк көргөзүмүш болуп жүрдү. Анан өзүнчө топтор менен шугулданып, Көлбаев менен аралашканы тууралуу да маалымат түшүп турду. Эми оперативдүү топтор материалдарды топтоп, баарын аныктагандан кийин кармаган болушу мүмкүн. Бирок анткен менен убагында мыйзамсыз жолдор менен бул жигиттин жогору көтөрүлүп, анан кармалышы бүгүнкү иштеп жаткан укук коргоо органдарынын кандайдыр бир деңгээлде уюшкан кылмыштуу топторго, коррупцияга каршы чоң күрөшүнүн бир мисалы катары эсептелинип калат. Бирок мындай иштер комплекстүү түрдө жүрүп, ошол эле органдарда иштеген, уюшкан кылмыштуу топтор менен аралашып жүргөндөр да кармалышы керек. Ошол эле прокуратура жана сот системасында иштегендер да жоопко тартылышы зарыл. Системалык уюшкан кылмыштуулук болбосо дагы деле улана берет".

Эркин Мамбеталиевге тиешелүү Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Эдельвейс" эс алуу жайы
Эркин Мамбеталиевге тиешелүү Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Эдельвейс" эс алуу жайы

Журналист Турат Акимдин айтымында, Мамбеталиев криминалдык чөйрөдө чоң таасирге ээ эмес. Бирок айрым кримтөбөлдөр менен жакшы мамиледе болгону тууралуу маалыматтар айтылып жүргөн.

"Мамбеталиевдин Көлбаев менен байланышы болгону эч кимге жаңылык эмес. Маселен, экөө тең бир райондун тургундары, Көлбаев Чолпон-Атада турса, Мамбеталиев коңшу Өрнөк айылынан. Булар бир чөйрөнүн балдары, бир спорт залда машыгып, бир жерде өскөн. Мамбеталиев 1990-жылдары Ички иштер министрлигинин атайын ыкчам тобунда кызмат кылган. Ал Египет өңдүү бир канча өлкөлөргө барып, атайын даярдык көргөн спортчу болгон. Кийин эле бул ишин таштап кеткен. Мамбеталиев "каралар дүйнөсүндөгү" адам катары айтылганы менен ал элден, ишкерлерден же башкалардан опузалап акча чогултуп, кыйнап, мал-мүлкүн тартып албайт. Мамбеталиев чоң тапшырмаларды аткаргандыктан "каралар дүйнөсү" буларды тааныйт жана эсептешип турат".

Айрым маалыматтарга караганда, Мамбеталиев мурдагы убакта кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин, анын өлүмүнөн кийин Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен байланышта болгон.

Мамбеталиевдин Ысык-Көлдүн жээгиндеги Өрнөк айылында "Эдельвейс" аттуу эс алуу жайына ээлик кылары айтылып келет. Анын үйү да ушул эс алуу борборуна тушташ эле курулган.

XS
SM
MD
LG