Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

БУУ: Орусиядагы украин туткундарынын 95% кыйноого кабылган


Орусиядан туткундан бошотулган украин аскерлери.
Орусиядан туткундан бошотулган украин аскерлери.

Орусияда украиналык туткундардын 95% кыйноого кабылган. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча мониторинг миссиясынын башчысы Дэниэл Белл голландиялык NOS телеканалына курган маегинде айтты.

"Аларды темир жана жыгач тыяктар менен уруп, электр тогу менен кыйнашат. БУУнун атынан түрмөдөгүлөрдү кыдырган 20 жыл ичинде мен мындай кыйноолорду көргөн эмесмин", - деди Белл. Ал кыйноо биринчи сурактан эле башталарын кошумчалады.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалыматына караганда, июнь айынын башына карата аларда 6,5 миңдей украиналык, ал эми украиналыктардын колунда 1400дөй орусиялык бар болчу. Ал бул сандар кайдан алынганын тактаган эмес. Көз карандысыз булактардан бул маалыматты ырастоо мүмкүн эмес.

Киев ошондой эле Москваны туткундарды "дарга аскан" деп айыптап келет. Украинанын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, согуш башталганы туткунга түшкөн 110 украиналык өлтүрүлгөн. Орусия мындай дооматтарды четке кагып келет.

Женева конвенциялары согушуп жаткан тараптарды туткундарга адамча мамиле жасап, жакындары менен байланыштырууга жана эл аралык гуманитардык мекемелерге кайрылууга шарт түзүп берүүнү милдеттендирет. Андан тышкары туткундарга кыйноо көрсөтүүгө тыюу салынат.

Июль айынын ортосунда Киев менен Москва 95тен туткун айырбаштаган.

XS
SM
MD
LG