Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Тажикстанда тыюу салынган партиянын түрмөдөгү мүчөсүнүн абалы оор экени кабарланды


Зубайдулло Розик.
Зубайдулло Розик.

Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" дагы бир мүчөсү Зубайдулло Розик түрмө ооруканасында оор абалда жатат. Бул тууралуу анын жакындары "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна 7-августта кабарлашты.

Маалыматка караганда, 82 жаштагы Розиктин жүрөгү ооруйт. Январдан бери "Ислам кайра жаралуу партиясынын" эки мүчөсү түрмөдө каза болду.

Розик 2015-жылы партиянын 13 мүчөсү менен бирге камалган. Кийин бийликти басып алууга аракеттенген деп айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылган. Розик өзү жана анын тарапташтары бул дооматтарды четке кагып, сот чечиминин саясий мүдөөсү бардыгын белгилеп келишет.

2021-жылы Розик Тажикстандын президентинин атына кат жолдоп, анын ишин "эл аралык эксперттердин жана байкоочулардын, чет элдик жана жергиликтүү журналисттердин" катышуусунда кайра карап чыгууну өтүнгөн, бирок оң жооп алган эмес.

Тажикстанда "Ислам кайра жаралуу партиясына" 2015-жылы тыюу салынып, террордук уюмдардын тизмесине киргизилген.

XS
SM
MD
LG