Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев кармалганы кабарланды


Эркин Мамбеталиев. (архив)
Эркин Мамбеталиев. (архив)

Эркин Мамбеталиев 8-августта Бишкектин көчөлөрүнүн биринде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан кармалганын күбөлөр "Азаттыкка" ырасташты.

Атайын кызмат маалыматты ырастай да, төгүндөй да элек.

Эркин Мамбеталиев - Кыргызстандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шек саналып, оор кылмыштарга айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган, бир эмес, эки жолу абактан бошоп чыккан.

Айрым маалыматтарга караганда, Мамбеталиев мурда кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин, ал өлгөндөн кийин Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна мүчө болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG