Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

Нигер Украина менен дипломатиялык алакасын үзгөнүн жарыялады


Нигердеги орусиячыл демонстрант. Иллюстрациялык сүрөт.
Нигердеги орусиячыл демонстрант. Иллюстрациялык сүрөт.

Нигердин башкаруучу аскердик хунтасы Украина менен дипломатиялык алакасын үзүп, украин аткаминеринин Киевдин коңшу Малидеги козголоңчуларга колдоосу тууралуу айыптоо жараткан билдирүүсүнөн кийин мындай кадамга барган африкалык экинчи өлкө болуп калды.

Мындай абал Орусия Африканын Сахел аймагындагы таасирин күчөтүүгө аракет кылып, жергиликтүү өкмөттүк аскерлердин жикчил топторго каршы аракетин колдоп жаткан шартта түзүлүүдө.

"Нигер Республикасынын өкмөтү Малинин өкмөтү жана эли менен толук тилектештикте болуп, өз эгемендигине таянып, Украина менен дипломатиялык мамилесин үзүүнү чечти. Бул чечим дароо күчүнө кирет", - деп өкмөттүн басма сөз катчысы Абдурахаман Амаду билдирди.

Украина Нигердин чечими боюнча азырынча комментарий бере элек.

4-августта Мали бийлиги Украина менен дипломатиялык алакасын токтотконун жарыялап, аны "эл аралык терроризмди колдоп жатат" деп айыптаган.

Мындай чечимдин кабыл алынышына Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлүнүн Малинин түндүгүндө жергиликтүү аскерлер жана орусиялык жалданма аскерлер каза тапкан окуя тууралуу комментарийи себеп болгон.

Африканын батышында жайгашкан Мали өлкөсүндөгү туарег уруусунан чыккан козголоңчулар бир нече күндүк айыгышкан кармашта орусиялык "Вагнер" тобунун жалданма аскерлеринен кеминде 84үн жана малилик аскерлерден 47син өлтүргөнүн билдиришкен.

"Вагнер" Мали бийлигинин козголоңчуларга каршы күрөшүнө эки жыл мурда аралашып, өкмөттүк аскерлерге жардам бере баштаган.

Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов Киевдин Малидеги согуштук аракеттерге тиешеси жоктугун айткан, бирок "козголоңчулар орусиялык согуш кылмышкерлерине каршы аскердик операцияны ийгиликтүү жүргүзүүгө зарыл болгон тийиштүү маалыматты, андан башкасын да алышкан" деп 29-июлда билдирген.

Мали бийлиги Юсовдун бул сөзүн "…террордук топтордун малилик аскерлердин өлүмүнө алып келген кол салуусуна Украинанын катышкандыгын таануу" деп баалаган.

Киев Малинин чечимин «кесепетин ойлобогон жана шашылыш» деп атаган. Украинанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө «Украина эл аралык укук нормаларын, башка өлкөлөрдүн эгемендигинин жана аймактык бүтүндүгүнүн кол тийбестигин эч кандай шарт койбостон колдойт жана Малинин Убактылуу өкмөтүнүн «Украина эл аралык терроризмди колдойт» деген айыптоолорун чечкиндүү түрдө четке кагат» деп айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG