Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:36

Numbeo: Кыргызстан кылмыштуулук индекси боюнча 41-орунда турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аналитикалык Numbeo сайты дүйнөдөгү 142 өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын деңгээлин аныктаган.

Анын тизмесинде Кыргызстан кылмыштуулук индекси боюнча 54 көрсөткүч менен 41-орунду ээлеген. Коопсуз өлкө индексинин көрсөткүчү 46 деп турат.

Криминал индекси аз өлкөлөрдүн сап башына Андорра, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери чыккан.

2023-жылы Кыргызстан бул порталдын индексинде 31-орунда болчу.

Былтыр "кримтөбөл" деп таанылган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Кыргыз бийлиги уюшкан кылмыштуу топторго каршы катуу күрөш жүрүп жатканын жарыялап, өлкөдө мындан ары криминал болбой турганын убада кылууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG