Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Бишкектеги бала бакчаларга 35 миңден ашуун бала кезекте турат


Бала бакча. Касым конушу, Бишкек. 14-ноябрь, 2023-жыл
Бала бакча. Касым конушу, Бишкек. 14-ноябрь, 2023-жыл

Борбор калаадагы 17 735 орундуу 111 бала бакчада 31 265 бала тарбияланып жатат. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева 6-августта мэриянын коллегиясында билдирди. Анын сөзүнө караганда, ушул тапта дагы 35 557 бала электрондук кезекте турат.

Вице-мэр Министрлер кабинетинин "Мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерди кеңейтүү чаралары" тууралуу программасын ишке ашыруу максатында калаадагы 10 бала бакча кеңейтилип, андагы балдардын саны 2420га жеткенин кошумчалады. Үч бала бакчада жыйналуучу керебеттер орнотулуп, балдардын саны 694 орунга көбөйтүлгөн.

Жыл аягына чейин Бишкекте сегиз бала бакчанын жана бир бакчада кошумча имараттын курулушу аяктайт. Бул дагы 3820 баланын бакчага барышын шарттайт. Жалпысынан, быйылкы жылдын эсебинен бала бакчаларда кошумча 6240 балага орун түзүлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыркы Элдик курултайда 2024-жылы Кыргызстанда 212 мектеп, 50 бала бакча ачыларын убада кылган.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG