Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков коло медал үчүн күрөшөт


Кеничиро Фумита менен Жоламан Шаршенбековдун беттеши.
Кеничиро Фумита менен Жоламан Шаршенбековдун беттеши.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта жарым финалдык беттеште жапон балбаны, Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде жеңилди.

Буга чейин Жоламан Шаршенбеков менен Кеничиро Фумита эки жолу беттешкен. 2023-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кез келип, кыргыз балбаны атаандашын 11:6 эсебинде утуп алтын медал тагынган. Ал эми 2020-жылы Азия чемпионатынын финалында Кеничиро Фумита Жоламан Шаршенбековду 4:0 менен уткан. Бул эки балбандын үчүнчү беттеши болду.

Шаршенбеков мелдешти 5-августта 1/8 финалдан баштап, алгач казакстандык балбан Айдос Султангалини 6:3 эсебинде, чейрек финалда румыниялык Разван Арнаутту 9:0 менен утуп, жарым финалга чыккан. Эми ал 6-августта коло байге үчүн күчүн сынайт. Атаандашы азырынча аныктала элек. Коло байге үчүн жана финалдык беттеш саат 23:30да башталат.

Жоламан Шаршенбеков 25 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азиянын үч жолку чемпиону жана эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. 2021-жылы Токиодо болгон Олимп оюндарында 7-орунду ээлеген. Анын Париж Олимпиадасынын жарым финалындагы атаандашы Кеничиро Фумита 29 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, бир жолку күмүш, бир жолку коло байгесинин ээси. Азиянын эки жолку чемпиону. Токио Олимпиадасында күмүш байге алган.

6-августка караган түнү дагы бир кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасында жарым финалда күч сынашат. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта 1/8 финалда монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 8:6 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. Ал жарым финалдык беттеште нигериялык Блессинг Оборудуду менен күч сынашат. Беттеш 6-августка караган түнү саат 1:50дө башталат.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу жеңилип, мелдештерин жыйынтыктады. Суучул Денис Петрашов брасс стилинде 100 жана 200 метр аралыктарга жарышка чыгып, 100 метр аралыкта 23-орунду, 200 метр аралыкта 14-орунду ээледи. Сууда сүзүүдөн Елизавета Печерских аялдар арасындагы 50 метрге эркин сүзүүдө 79 спортчунун ичинен 30-орунду ээлеп, мелдешин жыйынтыктады.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокстон мелдештин жарым финалына чыкты. Эми ал 9-августка караган түнү саат 1:46да жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз. (BT\GT)

XS
SM
MD
LG