Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Израил Мохаммед Дейф жок кылынганын тастыктады


Газа сектору.
Газа сектору.

Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун башчыларынын бири Мохаммед Дейф жок кылынганын тастыктаган маалымат таратты. Далил катары социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчаларына Газа секторундагы 13-июлдагы чабуулдарынын видеосун жарыялап, Дейф ошондо каза болгонун билдирди.

Израил 13-июлда Дейфтин жардамчысы Рафа Салама да жок кылынганын буга чейин маалымдаган.

ЦАХАЛ белгилегендей, Дейф жана Салама 2023-жылдын 7-октябрында Израилге каршы жасалган кол салуунун уюштуруучуларынын бири болушкан. Израилде Дейфке 1990-жылдардын ортосунда издөө жарыяланган.

ХАМАС өкүлдөрү 13-июлда Газада Израилдин соккуларынан көп жайкын тургун каза болгонун билдирген, Дейф боюнча айтылып жаткан маалыматты тастыктаган да, четке каккан да эмес. BBCнин маалыматы боюнча, ошол күнү Газада 300дөй адам жабыркаган, Израил армиясынын чабуулу гуманитардык зона катары белгиленген аймакка жасалган.

31-июлга караган түнү Ирандын борбору Тегеранда ракеталык соккудан Иран колдогон палестиналык ХАМАС тобунун саясий лидери Исмаил Хания каза тапканын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» кабарлаган.

Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи Ханиянын өлүмү үчүн жооп катары «катаал жаза» болорун айткан. Хаменеи Израилге түз сокку даярдоо буйругун бергенин Ирандагы кеминде үч жогорку мамлекеттик кызматкерге таянып The New York Times жазды. (RK)

XS
SM
MD
LG