Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутаты пара талап кылууга шектелип кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен бир депутаты пара талап кылууга шек саналып кармалганын 1-августта билдирди.

Расмий маалыматка караганда, шектүүлөр Кара-Көл шаарындагы “Капчыгай” кафесинин мурдагы ээсинен акча талап кылышкан.

“Шаардык кеңештин депутаты К.Б.Н. кеңештин бюджет, экономика жана каржы комитетинин төрагасы болуп туруп, кеңештин төрагасын ортомчу кылып, “Капчыгай” кафесин муниципалдык менчикке сатып алуу боюнча Кара-Көл шаарынын 2024-жылдагы бюджетине киргизүү чечими үчүн анын ээсинен 500 миң сом талап кылганы аныкталды”, - деп жазылган маалыматта.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө эки шектүү тең УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Атайын кызмат буга чейин 24-июлда Ош шаарындагы мурдагы муниципалдык жетекчилер кармалып, шаардык кеңештин депутатына издөө жарыяланганын билдирген. Алар кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, Ош шаарындагы Туран кичи районунда сел агызуучу каналды мыйзамсыз менчиктештирип, жеке жактарга сатууга шектелип кармалган.

XS
SM
MD
LG