Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:43

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген мыйзамга кол койду


Ысык-Көл жээги. Архивдик сүрөт.
Ысык-Көл жээги. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу маалымат 18-июлда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 12-июнда кабыл алган.

“Мыйзамда жер участокторун кошпогондо, рекреация объекттерин чет өлкөлүк жактарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга жеке менчикке берүүгө багытталган түзөтүүлөр каралган. Ошону менен бирге, рекреация объекттери катары пайдаланылган жер участоктору Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга бериле турганы белгиленген”, - деп жазылган маалыматта.

Мыйзам долбоорунун авторлору - депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бакыт Сыдыков.

Долбоор 10-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралганда депутаттар Султанбай Айжигитов, Гуля Кожокулова документтеги рекреациялык аймактардын тизмесин тактоо, алардын катарынан жер аянттарын алып салууну жана оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизип, оңдоп чыгуу сунушун беришкен. Бул документ каралып жатканда комитеттин жыйынында депутаттар арасында талаш-тартыштар болгон.

Демилгечилер мыйзам долбоору Кыргызстанга инвестиция тартууну көздөй турганын айтып, “жер тилкеси эмес, анын үстүнө курулган мүлктү сатууга уруксат берилерин” билдиришкен. Баяндамачылар рекреациялык объектилердин катарына эс алуу зоналары, коттеждер, мейманканалар жана башка жайлар кире турганын белгилешүүдө.

Азыр иштеп жаткан мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Ысык-Көлдөн башка аймактарынан чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG