Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Президент Жапаров селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда "Кабар" агентигине курган маегинде, селден жабыркагандарга мамлекет жардам көрсөтөрүн билдирди. Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго комиссия түзүп, текшерүү тапшырмасы берилгенин айтты. Президент элди турак жайларын камсыздандырууга чакырды.

“Барып комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла, жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардамдарды беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле” деп Акылбек Үсөнбековичти жибергем”. Эми эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып, каттап койгонду үйрөнүшү керек. Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле”, - деди Жапаров.

Президент селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Селдин алдын алчу айрым жерлерде курулуш иштери башталганын билдирди.

Катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирип, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарда кыян жүргөн. Бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учурап, бир катар жарандар үй-жайсыз калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жекшембиде сел агызып кеткен бешинчи кишинин сөөгү 16-июлда Өзбекстандын Анжиян шаарындагы сайдан табылганын кабарлады. Каза болгон аялды Ош шаарынын борбордук базарынан сел агызып кеткен.

Буга чейин Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө селге агып кеткен төрт кишинин сөөгү табылып, туулган жери - Оштун Он-Адыр кичи районунда жерге берилген. Төртөө тең бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары. (TSh)

XS
SM
MD
LG