Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

Өзбекстан: Каттоодон өтпөгөн мечиттер бузулат


Президент Шавкат Мирзиёев, муфтий Нуриддин Халикназаров, премьер-министр Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар Ташкенттин "Шейиттер" проспектисинде өткөн салтанаттa. 31-август, 2023-жыл
Президент Шавкат Мирзиёев, муфтий Нуриддин Халикназаров, премьер-министр Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар Ташкенттин "Шейиттер" проспектисинде өткөн салтанаттa. 31-август, 2023-жыл

"Азаттыктын" өзбек редакциясы - "Озодлик" радиосу өз булактарына таянып, 24-июнда премьер-министр Абдулла Ариповдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында 400дөн ашык мечит, намазкананы "буздуруу" же алардын бир тобун өндүрүштүк жайларга айлантуу максатында ишкерлерге өткөрүп берүү буйругу чыкканын жазды.

Жакындан билген булактын айтымында, Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери да катышкан жыйында Арипов бул чечимин "жаңыдан киргизилген светтик мамлекеттүүлүк концепциясы" менен түшүндүргөн.

Ошондой эле өкмөт башчы бул жараянда "адамдардын пикири менен эсептешүү, калк арасындагы ыктымал чыр-чатактын алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүү" маанилүү экенин белгилеген.

"Озодлик" Ариповдун жыйында айткан сөздөрүн Өзбекстандын өкмөтүнө жакын эки көз карандысыз булак тастыктаганын жазды.

Алардын айтымында, бузулуп же ишкерлерге өндүрүшкө берилиши талкууланып жаткан бул объектилер калктын каражатына курулган, уюм статусу жок, салык төлөбөгөн объектилер.

"Бул объектилерди бузуу же өндүрүштүк жайга өткөрүү үчүн соттун чечими керек. Өкмөт бул көйгөйдү кантип чечээрин билбейм", - дейт булактардын бири.

Ал өкмөт башчы маселенин курчтугуна жана элдин нааразычылыгына жол бербөө максатында калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча атайын тапшырма бергенин белгилейт.

Бул боюнча өкмөттүн атайын токтому барбы же жокпу белгисиз.

"Озодлик" радиосунун журналисттери Өзбекстандын премьер-министринин басма сөз катчысы Бекзод Хидоятовго өкмөттүн жыйынынын чоо-жайы жана Ариповдун тапшырмасы боюнча расмий комментарий алуу үчүн кайрылган.

Учурда Үрүмчү шаарында премьер-министр менен бирге экенин билдирген Хидоятов "Озодлик" булактары тараткан маалыматты четке каккан жок.

Ал бул боюнча "материал даярдалып жатканын" айтып, "Озодликке" расмий маалымат берүүнү убадалады.

Бул макала даярдалып жаткан учурда редакция премьер-министрдин басма сөз катчысынан расмий маалымат ала элек болчу.

Эски тажрыйба

"Озодлик" маектешкен өзбек диниятчыларынын бири өкмөттүн каттоодон өтпөгөн мечиттерди бузуп, ишкерлерге берүү чечиминен кабары жок экенин, Өзбекстанда мындай тажрыйба жаңылык эмес экенин айтат.

"Мурдагы президенттин убагында да ушундай көрүнүштөр болгон. Каттоодон өтпөгөн мечиттерди куруп, ишкерлерге берүү боюнча буйрук чыккан. Мечиттер дүкөндөргө, эл жашай турган жайларга айланган. Көпчүлүгү ишкерлерге берилген. Бул мечиттер элдин акчасында курулган да. Ошондуктан, мындай объектилерди кимдир-бирөөгө берүүдөн мурун элдин оюн сураш керек",-деди өзбекстандык динаятчы жашыруун берген маегинде.

Анын айтымында, тургундар мечитти көбүнчө ашар жолу менен куруп, кийинчерээк каттоодон өткөрүүнү пландашат. Кээде эски, жабык турган мечиттерди ачуу аракеттери да болот.

2018-жылдын май айында Daryo.uz басылмасы мамлекеттик UzA маалымат агенттигине шилтеме берип, Ташкентте каттоодон өткөн жамааттык мечиттерден тышкары, уюм катары катталбаган 65 жергиликтүү мечит бар экенин жазган.

Буга чейин Ташкент шаарынын мэринин коомдук жана диний уюмдар боюнча орун басары Шухрат Турдикулов намазканаларды мечит катары каттоо үчүн "Өзбекстан Республикасында диний уюмдарды мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө" токтомдун негизинде керектүү документтерди чогултуп, министрлик менен макулдашылгандан кийин Юстиция министрлигине тапшыруу керек экенин, мекеме бекиткенден кийин Ташкент шаарынын акими карарын кабарлаган.

Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын январына карата өлкөдө 2118 мечит иштеп жатат.

Салыштырмалуу 2022-жылдын ноябрь айына карата 13,3 миллион мусулман жашаган коңшу Казакстанда мечиттердин саны 2788ди түзөт.

Өзбекстандын чоң шаарларында мусулмандар жума жана айт намаздарына орун жетишсиздигинен улам көчөдө намаз окуганы айтылып келет.

Президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин өлкөдө ондогон жаңы мечиттер ачылып, азан окулуп атканда үн күчөткүчтөрдү колдонууга уруксат берилген. Бирок акыркы убакта өлкөдө дин тутуу эркиндиги бузулуп баратканы байкалууда.

Буга чейин "Озодлик" Өзбекстанда имамдарга социалдык тармактарда сүйлөөгө тыюу салынганын жана чет өлкөгө чыгуу үчүн паспортторун тапшырууну талап кылганын жазган.

Былтыр сентябрь айындагы өкмөттүн жыйынында Өзбекстанда "диний радикалдашуу күчөп баратат” деген кооптонуулар айтылып, укук коргоо органдары бул жаатта көзөмөлдү күчөтөрү айтылган.

Жыйынга катышкан аткаминерлердин бири жумуш ордунда намаз окуу, шарияттын негизинде көп аял алуу, мамлекеттик кызматкерлер менен өкмөт мүчөлөрүнүн диний иш-чараларга катышуусу сынга алынганын билдирди.

"Аткаминерлер же динди тандашы, же мамлекеттик кызматта иштеши керек", - деген премьер-министр Арипов мындан ары укук коргоо органдары бул жаатта көзөмөлдү күчөтөрүн кошумчалаган.

Андан соң Өзбекстандын бир катар мечиттеринде азан чакыргандагы үн күчөткүчтөрдүн добушу азайтылганын маалымат каражаттары жазышкан.
Өзбекстандагы булактардын кабарлашынча, укук коргоо органдары ислам адабияттарын, атырларды жана кийимдерди саткан дүкөндөрдө рейд жүргүзүп, аталыштарын өзгөртүүнү жана арабча жазууларды алып салууну талап кылышкан.

Каттоодон өтпөгөн мечиттер тууралуу кабар президент Мирзиёевдин "диний-агартуу маселелерди талкуулаган" жыйынынан бир жума өткөндөн кийин пайда болду.

Расмий билдирүүгө ылайык, 19-июнда президентке диний жана билим берүү тармагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилген.

Анда Мирзиёев "дүйнөдө ар кандай күчтөр диндин маңызын бузуп, жаштарды туура жолдон адаштырууга аракет кылып жаткан опурталдуу мезгилде жаштар арасында исламдын чыныгы маңызын, ыйык диндин гумандуу идеяларын пропагандалоонун маанилүүлүгүн" белгиледи.

Диний билимге көзөмөл күчөйт

25-июнда Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары баланы мыйзамсыз диний билим алууга тартуу үчүн административдик жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

Ага ылайык:

  • ата-энелер же аларды караган адамдардын баланы диний билим берүү процессине мыйзамсыз тартууда административдик жоопкерчилик каралат;
  • бул эреже бузулса 10дон 15ке чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салынат;
  • эгерде ошол эле укук бузуу бир жылдын ичинде кайталанса, 25 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салынат же 15 суткага камалат.

Ички иштер министрлиги бул чара жашы жете электердин террористтик топтордун торуна түшүп калуусун алдын аларын белгилейт. Долбоорду парламенттин чечими менен тааныштырган ички иштер министринин орун басары Рамазан Ашрапов лицензиясы жок диний билим берген уюмдардын жана террордук уюмдардын таасирине кабылгандардын саны көбөйүп атканын жүйө келтирди.

Бирок талкуу учурунда Өзбекстандын парламентинде анда санда гана көрүлчү ажырым пайда болгону айтылды. Депутат Октам Исламов бул мыйзам жарандардын конституциялык укуктарын бузушу мүмкүн экенин эскертти.

Өзбекстандын жарандары кесиптик диний билимди жалпы орто жана атайын орто билим алгандан кийин, башкача айтканда 18 жашка толгондон кийин гана ала алышат. Исламов жашы жете электерге мыйзамсыз диний билим берүү үчүн жазанын киргизилишин логикага сыйбаган нерсе катары чечмеледи.

Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты Даниёр Ганиев сунушталып жаткан долбоор балдарына диний билим берген ата-энелерди жоопкерчиликке тартууга негиз боло аларын айтып, аны кайра карап чыгууну сунуштады.

Долбоорду "Улуттук кайра жаралуу" партиясынын лидери Алишер Кадыров активдүү колдоого алды. Өзбек саясатчы өз сөзүндө жаңы мыйзам бир гана динди окутууга эмес, динди туура эмес окутууга багытталганын баса белгиледи.

"Өлкөбүздө динди үйрөнүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жаш бала үчүн да, профессионалдык көз караштан үйрөнүү үчүн да. Ошондуктан бул талашты күчөтүп кереги жок. Ата-эненин бир жашар баласына Куранды үйрөтүшү мыйзамсызбы? Албетте жок. Ошондуктан биз бул мыйзамды киргизип жатканда коомго туура түшүндүрүп беришибиз керек",- дейт Кадыров.

Коомдук активисттер жаңы мыйзам Конституцияда жазылган дин тутуу эркиндигине таасирин тийгизет деп кооптонууда.

"Диний радикализм менен фанатизм күчөп баратат! Алар күчөсө, динди тереңирээк үйрөтүш керек эмеспи? Тыюулар менен натыйжага жетебизби?" - деп жазды блогер Алишер Назар Фейсбук баракчасына.

Учурда Түркияда жашаган диний блоггер жана былтыр Өзбекстанда ишмердүүлүгү токтотулган Azon.uz сайтынын негиздөөчүсү Мубашшир Ахмед бул жаатта Түркиянын тажрыйбасынан үлгү алууга чакырды.

"Азыр Түркияда мектеп окуучулары эс алууда. Ошондуктан алар "Жайкы Куран курстарына" байма-бай барышат. Мага ишениңиз, түрк балдары биздин балдарга караганда заманбап жана амбициялуу. Демек, алap экстремизмден жана радикализмден алыс", - деп жазды Ахмад Телеграм каналына.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2022-жылдагы Дин эркиндиги боюнча баяндамасында өзбек өкмөтүн жаштарга диний билим берүүнү катуу көзөмөлгө алууну улантып жатканы, анын ичинде өкмөттүн уруксатысыз иштеген жеке диний окуу жайларды жабуу жана уруксатсыз диний билим бергендерге айып пул салуу чечимдери үчүн сынга алган.

"Озодлик" радиосунун макалын өзбек тилинде бул жерден окуй аласыз.

XS
SM
MD
LG