Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Жапаров Гутерриш менен жолугушууда Газадагы жана Украинадагы согуш тууралуу билдирүү жасады


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-июлда Чолпон-Ата шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушууда Газадагы жана Украинадагы кырдаал боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу "Азаттыктын" жеринде жүргөн кабарчысы маалымдады.

Мамлекет башчы сектордогу кырдаал жөнүндө айтып жатып, “Газада он миңдеген балдардын жана аялдардын каза болушу жана ал жердеги абал адамдык жана гуманитардык укуктун бузулушу”, – деди. Ал ошондой эле расмий Бишкек Украинадагы согуштун тезирээк бүтүшүн жактай турганын белгиледи.

Садыр Жапаров мындан сырткары Ооганстандагы абалга да токтолуп, ал жактагы кырдаал Кыргызстан үчүн маанилүү экенин билдирди.

“Ооганстан кайрадан терроризмдин жана баңгизаттын аймагына айланып кетпеши үчүн бул өлкө дүйнөлүк изоляцияда, эл аралык жардамдан четте калбашы керек”, – деди Жапаров.

Мунун алдында аталган жолугушууда Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы актуалдуу маселелер талкууланарын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирген. Анын айтымында, жолугушууда аймактык коопсуздук, Кыргызстандын Туруктуу өнүгүү максаттары программасын аткарышы боюнча маселе да каралат.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 1-июлдун кечинде Кыргызстанга келди. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Гуттериш Борбор Азия сапарын 30-июнь-1-июль күндөрү Өзбекстандан баштаган. Ал 3-июлда Кыргызстандагы иш сапары жыйынтыкталган соң Казакстанга барат. (TAb\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG