Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Канье Уэсттин Москвага барганы талкуу жаратты


Канье Уест.
Канье Уест.

Саясий билдирүүлөрү эл аралык коомчулукта талкуу жараткан америкалык рэп аткаруучу жана ишкер Канье Уэст Москвага барып кеткенин Орусиянын Telegram-каналдары жана мамлекеттик ТАСС маалымат агенттиги билдиришти. Агенттиктин 1-июлдагы маалыматында ал Москвада жеке иштери менен болгону айтылды.

Уест орусиялык дизайнер жана модельер Гоша Рубчинскийдин туулган күнүнө барганы, 1-июлга караган түнү Берлинге учуп кеткени кабарланды.

Ал Москвада экенин, «Лужникиде» концерт бериши мүмкүндүгүн 30-июнда продюсер орусиялык Яна Рудковская өзүнүн Telegram-каналына кубанып жарыялаганда социалдык түйүндөрдүн орусиялык сегментинде артист жашаган мейманкананын алдында аны күткөн күйөрмандар топтолуп турган сүрөт-видеолор, концертин чыдамсыздык менен күтүп жаткандардын комментарийлери жарыялана баштаган.

39 жаштагы Рубчинский Уест негиздеген Yeezy кийим брендинин Орусиядагы дизайнердик бөлүмүнүн башчысы болгону 2023-жылдын соңунда жарыяланган.

2004-жылдагы дебюттук альбомунан кийин дүйнөлүк хип-хоп сахнанын жылдыздарынын бирине айланган 46 жаштагы Уэсттин миллиондогон кишинин өмүрүн алган нацисттик лидер Адольф Гитлерди жактаган жана антисемиттик билдирүүлөрү дүйнөлүк коомчулукта айыптоо жана кызуу талкуу жараткан. Айрым социалдык түйүндөрдө анын аккаунттары бөгөттөлүп, кээ бир белгилүү бренддер кызматташуусун токтоткон. Ырчынын Украинага согуш ачканы үчүн Батыштын сынына кабылып, эл аралык Гаага соту камакка алуу тууралуу ордер берген орус президенти Владимир Путинди да жактаган билдирүүлөрү болгон.

Украинадагы агрессиясы үчүн изоляцияда калган Орусияда дүйнөлүк сахнанын чет элдик жылдыздарынын концерттери дээрлик токтогон. (RK)

XS
SM
MD
LG