Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Үч округдагы шайлоо: саат 12ге карата 7% шайлоочу добуш берди


Ысык-Көлдөгү добушканалардын бири. 30-июнь, 2024-жыл.
Ысык-Көлдөгү добушканалардын бири. 30-июнь, 2024-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы саат 12:00гө карата үч округдагы шайлоодо шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат жарыялады. Анда жалпы 311 миң 363 шайлоочунун 23 миң 710у (7.61%) добуш берди.

Ноокат шайлоо округу боюнча 91 миң 57 шайлоочунун 10 миң 550сү (11.59%), Свердлов шайлоо округу боюнча 122 миң 975 шайлоочунун 5 795 (4.71%), Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 97 миң 331 шайлоочунун 7 365и (7.57%) добуш берди.

Бүгүн, 30-июнда саат сегизден баштап №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо башталды.

Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышууда. Алардын экөө аялдар. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, БШК 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Боршайком 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.

№29 Свердлов округунан 2022-жылдагы шайлоодо депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын ошол кездеги атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин сотко жазган арызы негиз болгон. Добуш сатып алуу чырынан улам Боршайком Абдурахманхажи Муртазалиевге да мандат берген эмес жана жаңы шайлоо дайындалган. Ал БШКнын чечимине каршы сотко арызданган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG