Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06
Бакытбек Марипов, Жумабек Салымбеков, Айжигит Тыналиев.
Бакытбек Марипов, Жумабек Салымбеков, Айжигит Тыналиев.

Үч округдагы кайра шайлоо: Алдыга чыккан талапкерлер кимдер?

№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өтүп, анын баштапкы жыйынтыгы чыкты.

21:01 30.6.2024

Шайлоо алдыга озгон талапкерлер кимдер?

Ысык-Көл округунан алдыга чыккан 38 жаштагы Айжигит Тыналиев 2016-жылдан бери Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты болуп келет. Мындан тышкары ошол эле шаардагы “Кыргыз көмүр” ишканасынын филиалынын кызматкери. БШКнын сайтында анын жеке ишкер экени да жазылган. Анын шайлоо фондуна 1 млн. 114 миң 854 сом түшүп, анын 922 миң сому коротулган. Баштапкы жыйынтык боюнча Ноокат шайлоо округунан жеңип чыккан Бакытбек Марипов ушул эле районду 2020-2021-жылдары жетектеген. Ага чейин жети жыл Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Марипов дал ушул округдан ат салышып, көп добуш алгандардын бири болгон. Бирок мандат быйыл депутаттыктан кеткен Жусупбек Коргонбай уулуна берилген эле. Бакытбек Марипов Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышында депутат болгон Асамидин Мариповдун уулу. Анын бир тууган агасы Улукбек Марипов 2020-жылдан соң өкмөттү жетектеген эле. Анын шайлоо фондуна 2 млн. 350 миң сом келип түшүп, аталган сумманын 2 млн. 318 миң сому шайлоо иштерине коротулган.

Ал эми Бишкек шаарынын Свердлов районундагы кайра шайлоодо алдыга келген Жумабек Салымбеков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамытбай Салымбековдун уулу. 47 жаштагы Салымбеков Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышында депутат болгон. БШКнын сайтында “Дордой” базарынын, ушундай эле аталышты алып жүргөн карго компаниянын директору экени да көрсөтүлгөн. Салымбековдордун үй-бүлөсүнө таандык “Дордой” жана “Аламүдүн” базары Свердлов районунда жайгашкан.

Жумабек Салымбековдун шайлоо фондуна 5 млн. 75 миң сом чогулган. Анын 4 млн. 923 миң сому коротулган.

20:52 30.6.2024

Ноокаттагы шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча экинчи орунда келе жаткан Артыкбай Абдивалиев жараян учурунда, добуш берүү күнү да мыйзам бузуулар болгонун айтып жатат.

“Шайлоодо Марипов тараптан аябай мыйзам бузуулар болду. Бирок күч органдары такыр карабай койду. Алар биздин расмий үгүтчүлөрүбүздү кубалап, кысым көрсөтүп, ошол эле учурда шайлоочуларды ташып жаткан Мариповдун адамдарына реакция кылбай коюшту. Биз тиктеп эле отурдук. Бакытбек Мариповдун атасы эки ай мурун эле үгүт кылып баштаган. Бул боюнча бир нече талапкер кайрылуу да жолдогонбуз. Бирок эч ким көңүл бурган жок”.

Артыкбаев Абдивалиев шайлоонун расмий жыйынтыгын күтө турганын, андан кийин аны арызданышы мүмкүн экенин да билдирди.

19:57 30.6.2024

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы чыкты.

Ага ылайык, №5 Ноокат округунан талапкер Бакытбек Марипов 11 миң 523 (44.99%) шайлоочунун добушун алып, алдыга чыкты. Бул шайлоо округу боюнча 91 миң 57 шайлоочунун 25 миң 611 (28.13%) добуш берди. Бул округ боюнча дагы эки шайлоо тилкесинин жыйынтыгы келе элек.

№29 Свердлов округунан Жумабек Салымбеков 10 миң 611 (64.61%) шайлоочунун добушуна ээ болуп, алдыга озду. Бул шайлоо округу боюнча 122 миң 975 шайлоочунун 16 миң 424ү (13.36%) добуш берди.

№36 Ысык-Көл округунан талапкер Айжигит Тыналиев 3498 (16.04%) добуш алып, атаандаштарын артка калтырды. Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 97 миң 331 шайлоочунун 21 миң 807 (22.40%) добуш берди.

30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү. Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышты, алардын экөө аялдар.

13:40 30.6.2024

№5 Ноокат шайлоо округунан тогуз адам талапкер болуп чыкты.

Бул райондон депутат болгусу келгендердин арасында Ноокаттын мурдагы акими Бакытбек Марипов бар.

Ал мурдагы өкмөт башчы Улукбек Мариповдун бир тууганы. Мариповдон тышкары кайра шайлоого “Агро топ” деп аталган компаниянын директору Артыкбай Абдивалиев, ИИМдин ардагери Элдар Кудайбердиев, журналист Айболот Айдосов бар.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG