Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Вольнянск шаарында Орусиянын соккусунан жети киши набыт болду


Вольнянск шаарына жасалган соккунун кесепети.
Вольнянск шаарына жасалган соккунун кесепети.

Ишемби күнү кечинде Орусия армиясы Запорожье облусунун Вольнянск шаарына сокку уруп, алдын ала маалымат боюнча жети жай тургун каза болду. Аларды экөө балдар. Жаракат алгандардын саны 18ге жетти. Бул тууралуу облустун аскердик администрация башчысы Иван Фёдоров билдирди.

Ал эч кандай аскер обьектилери жок аймакка сокку урулганын белгилеп, турак үйлөр жана дүкөн талкаланганын билдирди. Украинанын президенти Владимир Зеленский талкаланган имараттардын сүрөтүн жарыялады.

Ага чейин Донецк облусуна жасалган Орусиянын чабуулунан жети жай тургун набыт болгон.

Орусия армиясы Вольнянск шаарындагы чабуул жөнүндө комментарий берген жок. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө Запорожье облусундагы Украинка деп аталган калктуу конушка сокку урулганы айтылат. Украина армиясынын аскер техникасын жүктөгөн темир жол эшелонуна рекета урулганын белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG