Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:00

ӨКМ Ноокаттагы куткаруу иштерине тик учак жөнөтүлгөнүн кабарлады


ӨКМнын видеосунан алынган сүрөт.
ӨКМнын видеосунан алынган сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ноокат районуна куткаруу иштери үчүн тик учак жөнөп кеткенин кабарлады.

ӨКМ буга чейин тик учак аба ырайын байланыштуу учурулбай жатканын билдирди.

“Белгилей кетсек, 28-июнда түштөн кийин жана 29-июнда таң эрте аба ырайы бузулуп, ашууларды булут каптап жабылганына байланыштуу, тик учак учуусу токтотулган. Ал эми азыр аба ырайын турукташкан соң, тик учак жардамга жөнөтүлдү”, - деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.

Социалдык тармактарда сел жүргөн аймактарда куткаруу иштерине ӨКМнын тик учактары тартылбагынын сындап жазгандар бар.

28-июнда Ош облусунда селден беш кишинин өмүрү кыйылганы тастыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан соңку маалыматта мындан тышкары дагы эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылды.

Издеп-куткаруу иштерине Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан да куткаруучулар тартылууда. Ишти өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов координациялоодо. Жалпы 637 адам, 19 техника тартылды. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

24-июнда Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жеңиш айылында беш жашар бала селге агып каза тапкан. Өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм сел алып көз жумган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG