Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:44

ӨКМ Абшыр-Атада эвакуациялоо иштерин улантууда


Ноокат районунда сел жүргөн жерде куткаруучулар иштеп жатат, 28-июнь, 2024-жыл
Ноокат районунда сел жүргөн жерде куткаруучулар иштеп жатат, 28-июнь, 2024-жыл

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку маалыматтары боюнча 42 куткаруучу Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору жагында жол бузулуп, өтө албай калган жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле 13 куткаруучу Кезарт жайлоосуна бара жатышат. Ал эми 46 куткаруучу сел болгон аймактарда издөө иштерине тартылды.

28-июндагы катуу жамгырдан Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн. Суунун аркы бетинде болжолдуу 1300 адам өтө албай калып калганы аныкталган. Алар аман-эсен экени айтылды.

28-июнда Ош облусунда селден беш кишинин өмүрү кыйылганы тастыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан соңку маалыматта мындан тышкары дагы эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылды.

Кырсык 28-июнда болжол менен саат 16:10 чамасында Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында болгон. Нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына суу толгон. Натыйжада сел кеминде эки көпүрөнү, 10 электр мамычасын агызып, 10 үйдүн короосуна кирген.

Н.Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылынын Алчалуу сайына сел түшүп, болжол менен 10-15 турак үйдүн короолоруна, мектепке чейинки билим берүү мекемесине суу кирди. Кара-Булак айылында сайдын жээгиндеги автоунааны агызып кеткен, Кош-Чан дарыясында ички чарбалык көпүрөнү сел алган.

Гулистан айыл аймагындагы Тажик-Кыштак айылында Чили-Сайга сел түшүп, 7-8 турак үйдүн короо сарайларына суу кирип, көпүрөнүн астына суу толуп калган.

Издеп-куткаруу иштерине Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан да куткаруучулар тартылууда. Ишти өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов координациялоодо. Жалпы 637 адам, 19 техника тартылды. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

24-июнда Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жеңиш айылында беш жашар бала селге агып каза тапкан. Өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм сел алып көз жумган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG