Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Байден менен Трамптын алгачкы дебаты өтөт


Дональд Трамп жана Жо Байден.
Дональд Трамп жана Жо Байден.

АКШда бүгүн 27-июнда Жо Байден жана Дональд Трамп ортосунда президенттик шайлоо алдындагы алгачкы дебат өтөт. Азыркы жана мурдагы президенттердин дебаты тарыхый окуя болот, анткени ат салышуудагы бурулушка алып келиши мүмкүн деп болжолдонууда. Телестудияда тартылып, түз эфирде көрсөтүлө турган дебатты миллиондогон шайлоочу күтүүдө.

Байкоочулар дагы бир президенттик мөөнөткө калып, ишин улантууга жаш курагы ыңгайсыз деп эскертип жаткан Байдендин жана сот чечими чыккан Трамптын ортосундагы жарыш быйыл жай бою эң татаал шайлоо өнөктүгү менен мүнөздөлөрү белгиленүүдө.

Эки саясатчынын алгачкы жолугушуусу Атлантада СNN телестудиясында 27-июнда саат 21де (Бишкек убактысы боюнча 28-июндун таңкы саат 7си), ал эми экинчиси ABC News телеканалында 10-сентябрда өтөт.

АКШдагы президенттик шайлоонун тарыхында дебат алгачкы жолу эртелеп, добуш берүүдөн төрт ай мурун жана талапкерлерди расмий көрсөтүүгө чейин (июль-август айларына пландалууда) уюштурулуп жатат.

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трампка каршы жалпысынан төрт иш козголгон. 30-майда Нью-Йорк штатыныдагы сот арачылары аны документтерди фальсификациялоо иши боюнча айыптуу деп тапкан.

Азыркы, 46-президент Байден 81 жашта. 2009-2017-жылдары ал АКШнын 47-вице-президенти болгон.

Трамп да, Байден да шайлоо өнөктүгүндө Ак үйдөгү жетишкендиктерине таянып, бирин бири АКШ үчүн коркунуч катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат.

АКШда кезектеги президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрда өткөнү жатат. Бул кызматка Демократтар партиясы өзүнүн, Республикачылар партиясы өзүнүн талапкерин тандап, алып чыгат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG