Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:34

“Апрелчилер” Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы экенин билдиришти


Бишкекте өткөн басма сөз жыйынынын катышуучулары.
Бишкекте өткөн басма сөз жыйынынын катышуучулары.

2010-жылы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери”, “Апрель элим Кыргызстан”, “Апрель байрагы” жана “Эр теги” коомдук бирикмелердин жетекчилери 25-июнда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы экенин айтышты. Андан тышкары мурдагы президент “апрелчилерге тигүү фабрикасын куруп берет” деген сөздөргө түшүндүрмө беришти.

“Президентке “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомун түзүп, ага 200 киши кирди. Курманбек Бакиев бизге фабрика куруп берет” деп туура эмес маалымат берип жатышат. Апрель окуясында жабыркагандардын ата-энелеринин көбү биздин коомдук бирикмелерде. Алардын бири да “Бакиев келсин” деп айткан эмес жана айтпайт. Биз Бакиевдин Кыргызстанга келишине, фабрика курушуна жана акталышына каршыбыз. Бул ишке аша турган нерсе эмес”, - деди “Апрель байрагы” бирикмесинин төрагасы Конушбек Дөөлөталиев.

Басма сөз жыйынына Социал-демократтар партиясынын төрагасы, Апрель элдик революциясы уюмдарынын ассоциациясынын башкы катчысы Темирлан Султанбеков да катышты.

Президент Садыр Жапаров 22-июнда “Кабар” агенттигине курган маегинде 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыр тарткан адамдар Курманбек Бакиевден кун төлөтүп алууга жардам берүүсүн суранып кайрылганын айткан. Президент алар “Курманбек Бакиев 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убада кылган” деп айтышканын жана ал үчүн 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бергенин айткан.

Министрлер кабинети 29-майда “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомуна 1,6 гектар жер бөлүп берүү чечимин кабыл алган. “Акипресс” агенттиги жер тилке тигүү фабрикасынын курулушу үчүн берилгенин, ага 1 млрд сом инвестиция салына турганын жазган.

Кыргыз өкмөтүнөн бир жарым гектар жер алган “7-апрель ынтымагы” коому мындан эки ай мурун, 2024-жылы 8-апрелде түзүлгөн. Ага Бактыбеков Аскар Бактыбекович, Бактыбеков Манас Бактыбекович жана Шеримбаев Усупбий Бактыбекович деген үч адам ээлик кылат.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.

Аларды Кыргызстанга экстрадиция кылуу маселеси ушул күнгө чейин чечилбей келе жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG