- Кыяс агай, жакында эле Кытайга илимий сапар менен барып келдиңиз. Бээжиндеги миллиондогон архивдик документтер сакталган Кытай мамлекеттик архивине да жолуңуз түшкөн экен. Бул сапардын кыргыз тарыхы үчүн кандай жаңылыктары бар?
- Бээжиндеги эң чоң жаңылыгыбыз – кытай тарап менен илимий келишимди узартканыбыз болду. 2019-жылы 23-январда Байыркы Кытай тарых изилдөө институтунун жетекчиси профессор Бу Сиянчун менен Кыргызстандан "Мурас" фондунун жетекчиси катары менин кол коюшкан келишимибиздин мөөнөтү жыл башында аяктаган.
Азыр Кытайда бир топ эрежелер өзгөрүптүр. Дагы беш жылдык мөөнөткө келишимди узартып, кайра түзүү үчүн көп түйшүк тарттык. Кээде үмүттү үзүп койгондой абалга жеттик. Акыры бардыгы ийгиликтүү аяктап, 5-июнда Бээжин шаарында кол коюштук. Буюрса, алдыда көп иштер бар. Кытайдын архивдеринен ар кайсы доорлор боюнча, ар кайсы династиялардын мезгилиндеги архивдик документтерди изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кытайдын эң байыркы доорлорунан XX кылымдын башына чейинки мезгилинен кыргыздарга тиешелүү 100 миң беттей архивдик документ табылды.
Мындан сырткары Бу Сиянчундун жардамы менен биз бир адисти даярдап алдык. Ал - кытай тилин мыкты билген Канат Абдыжапар уулу. Сиянчун анын жыл сайын төлөнүүчү 300 миң сомдой акчаны да чечип берди. Учурда Канат Бээжинде магистратураны бүтүп, изилдөө иштерин улантып жатат.
- Кытайдагы архивдерден кыргыздарга тиешелүү 100 миң беттей документ табылганын айтпадыңызбы. Эми буларды которуу иштери эле далай убакытты алса керек? Буга чейин белгисиз болгон жаңы маалыматтар барбы? Архивдеги материалдар кыргыз тарыхнаамасына эмне жаңылык киргизип, кандай бөксөнү толтура алат?
- 100 миң беттей архивдик документтен байыркы Хан доорунан баштап Цин дооруна чейин бизге тиешелүү кызыктуу маалыматтар чыгат. Азыр бизде манжур тилинен которгон Канат жалгыз адис болуп турат. Ал 17-кылымдан баштап кыргыздарга тиешелүү кызыктуу материалдар бар экен деп жатат. Мисалы, Кокон хандыгындагы Эрдене бийдин мезгили, аны менен Алымбек датканын чоң атасы Ажы бий экөөнүн ортосундагы мамиле тууралуу да маалыматтар бар экен. Ажы бий ошол мезгилде Кокон хандыгына баш ийбей кыргыздар өзүбүзчө мамлекет бололу деп Кыргызстандын түндүгүндөгү урууларга келип, Маматкул, Арзымат, Темиржан деген эл башчылары менен сүйлөшкөн экен. Бирок, тилекке каршы, ал мезгилде кыргыздардын бирдиктүү мамлекет куруу аракетине Кокон хандыгы дагы, Цин империясы да каршы тургандыктан, иш оңунан чыкпай калыптыр. Бул бир эле маалымат. Мындан башка кыргыздын ошол мезгилдеги көп тарыхый окуялары, инсандары тууралуу маалыматтар бар. Андан мурдагы Мин доорундагы, Монгол доорундагы документтер таптакыр белгисиз болчу. Биз эски монгол тилин билген адисти даярдап алсак, ошол мезгилдеги Чыңгызхан менен кыргыздардын мамилеси, Хубилайдын мезгили тууралуу жазма эстеликтерди изилдейт элек.
Азыр болгону манжур тилиндеги иреттелген архивдик документтерди алып жатабыз, андан мурдагы Хан, Тан доорлору тууралуу маалыматтар эми гана иреттелип жатат. Ошондо бардык документтердин саны 100 миң болот, алардын баарын сатып алсак, анан которуу иштерин баштайбыз. Келечекте өзүбүздүн адистерди даярдап, изилдөө иштерин аларга тапшырсак, биздин чыныгы тарых такталат. Бүгүн ушул маселе абдан орчундуу болуп турат.
- Адистерди даярдоо иши канча убакытты алат?
- Бир адисти даярдоого бери дегенде беш жыл кетет. Буга чейин бизде эски кытай тилин билген эки-үч адис бар эле, бирок азыр алардын баары тарых изилдөөгө аралашпай калды. Эски кытай тилин билген Болот аттуу жигитти Кыргызстанга чакырдык. Ал Москвада курулуш тармагында иштеп жатат. Эгерде аны илимге аралаштырып алсак, бизде эки адис (Канат экөө) болуп калмак. Биз адис даярдоо жаатында мамлекеттик деңгээлде аракет кылышыбыз керек. Кытай тарап келишимге ылайык канча адис болсо да даярдап беребиз деп жатат.
- Социалдык тармакка илимий сапарыңыз тууралуу маалымдап турдуңуз. Анан бир нааразы да пикир жаздыңыз окшойт...
- 1-Кытай мамлекеттик архивине киргенибизде бизден табылган архивдик документтерди, сүрөттөрдү бурмалабагыла деди. Анткени буга чейин кыргыз тарыхын, “Манас” эпосун изилдейбиз деген кээ бир адамдарыбыз кечээги эле манжурлардын падышасы Нурхачинин сүрөтүн архивден алып, аны боёп, Манас деп чыгарып койду. Бул Кытайда нааразылык жаратты дешти. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп кетсе жаман болот. Нурхачинин оригинал сүрөтүн атайын көрсөтүштү. Эгер тарыхты бурмалай берсеңер, кызматташууну токтотобуз дегенге чейин барышты. Ушул Нурхачинин сүрөтү президент тарабынан каржыланган китепке кирип кетиши, президенттин өзүнүн китебине кирип кетиши чоң чекилик болду.
- Буга чейин сиздер бээжиндик профессор Ю Тайшандын байыркы кытай жазмаларына таянып, “кыргыз” деген аталыштын кезиккенине 3 миң жыл болгонун айтып келгенсиздер. Ошол материалдарды которуп, кыргыз тилинде эмгек жазганга кол жетип жатабы?
- Ю Тайшан - байыркы кытай тарыхын изилдеген эң атактуу тарыхчы. 80 жаштан өтүп, эс алууда болсо дагы илим изилдөө иштерин улантып жатат. Анын кыргыздар тууралуу 3 миң жыл мурда эле маалымат кездешкени тууралуу жазган эмгеги өтө кызыктуу. Азыр бул маалымат дагы толукталып жатканын уктум. 2019-жылы кыргыз тарыхына тиешелүү ар бир кытай окумуштуусу бирден-экиден макала жазып, ага чейинки макалаларды да топтоп, чоң жыйнак чыгарышкан. Жыйнакты кыргыз мамлекети беш жылдан бери эле өзүбүз которобуз деп, бирок каражат бөлбөгөндүктөн кытай тарап которуп келет. Башта айткандай, азыр Кытайда тартип, эрежелер өзгөргөндүктөн, котормо иштеринин бир тобуна биз да көмөктөшө турган болдук. Быйыл буюрса октябрь, ноябрга чейин биз ошол жыйнакты кыргыз тилине которуп, Бишкектен басып чыгалы деп атабыз. Бул эмгекте Ю Тайшандын да макаласы кирет.
- Мындан сырткары кыргыздар тууралуу эң алгач жазган кытайлык тарыхчы Сыма Цяндын атындагы илимий борборунун жетекчилери менен жолугушкан экенсиз. Анда эмне сүйлөшүүлөр болду?
- 2019-жылдан бери эле Сыма Цян борборун Кыргызстанда ачалы деп жүрөбүз. Бул кишини Кытайда “тарыхтын кудайы”, “тарыхтын атасы” дешет экен. Себеби анын өмүр таржымалына келсек, өлүмгө тике карап эмгек жазып, тарыхый чындыгынан такыр артка кайткан эмес. Мен Кытайга барганда ал тууралуу лекция да окуп бердим. Б.з.ч. 201-жылы кыргыздар тууралуу жазган эң алгачкы тарыхчы катары Сыма Цянды биз барктап, өлкөбүздө анын атындагы илимий борбор ачканыбыз туура кадам болот деп ойлойм. Анын эмгегин кыргыз тилинде жайылтып, келечекте Бишкекте эстелигин да орнотолу деп жатабыз. Себеби анын эмгегине таянып биз мамлекеттүүлүгүбүздүн 2200 жылдыгын белгилегенбиз. БУУ кыргыздын тарыхы эң байыркы экенин таанып, өзүнүн резолюциясын да кабыл алган.
- Былтыр сиз тарыхты изилдөө үчүн каражат бөлүнбөй жатканын айтып, бул үчүн багымды да сатам деген элеңиз. Ушундан кийин президенттин фондунан акча бөлүнгөнү айтылган. Бул каражат илим изилдөөгө жетип жатабы?
- Биз карайлап турган мезгилде тарыхка акча бөлүнбөй, анан айлам кеткенде багымды сатам дегем. Аны алуучулар да чыккан. Анан президент Садыр Жапаров туура түшүнүп, жеке фондунан он миллион сом бөлүп берген. Бул чоң акчадай көрүнүшү мүмкүн. Бирок Кытайдагы архивдерди изилдөө, аларды сатып алуу үчүн коңшу Казакстан андан миң эсе көп каражат бөлүп жатат. Мен каражатты абдан үнөмдөп пайдаланып жатам. Ушуга да рахмат. Бул акча жок болсо, дагы эле карайлап отурмакпыз.
- Быйыл өлкөбүздө Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы белгиленет. Бул өзгөчө маанилүү мааракенин шары менен тарых изилдөө жаатында кайсы иштер аткарылат же аткарылышы керек?
- Бул эптеп-септеп өткөрүп коё турган катардагы маараке эмес. Өзгөчө көңүл буруу менен белгилениши керек. Эгерде Кара-Кыргыз автоном облусу 1924-жылы 14-октябрда түзүлбөсө, биз 1991-жылы эгемен мамлекетпиз деп жарыялай албайт элек. Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшүнө ички жана сырткы душмандар да каршы болушкан, бирок ага карабастан ошол кездеги чыныгы эл баатырлары жан аябай күрөшкөн. Бүгүнкү эгемендигибиз ошол окуя менен түздөн-түз байланыштуу. Буюрса алдыда тарыхыбызды тактоо, изилдөө иштерин уланта берели, ушул окуянын маанисин терең жеткирели деп тарыхчылар жапа тырмак аракет кылып атабыз. Жылдын аягына чейин көптөгөн илимий жыйындар, жолугушуулар болот. Мындан сырткары жакшы изилдөөлөргө негизделген илимий монографиялар, жыйнактар чыгышы керек. Бул жаатта өкмөт менен да сүйлөшүп жатабыз. Анын канчасы ишке ашары бөлүнгөн каражатка жараша болот.