Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:05

Бишкекте кабат үйдөн чыккан өрттөн 10 адам куткарылды


Өрт чыккан көп кабаттуу үй.
Өрт чыккан көп кабаттуу үй.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан чыккан өрттөн 10 адам куткарылып, 50 адам эвакуация болду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү машине жана бир автошаты тартылган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда былтыр баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG