Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Президент Жапаров Бишкектеги жарнама такталарды алмаштырууну буйруду


Бишкектеги жарнама такта. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги жарнама такта. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы жарнама такталарын заман талабына ылайыктап, өзгөртүүнү мэрияга ташырды. Мамлекет башчы бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Шаардын ичиндеги эски жарнамалык такталарды 31- августка чейин толугу менен тазалап, шаардын көркүнө ылайыктуу жана ыңгайлуу жерлерге лед экрандарга алмаштыргыла.
Шаардын ичин ирээтке келтиргиле!
Эски замандан чыккыла!
Эшикте 21-кылым", - деп жазды Жапаров.


Бишкек мэриясы жакында эле шаардын түштүк тарабындагы магистралда лед экрандарды орноткону белгилүү. Алар азырынча ишке кире элек.

Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жарнама такталары жол кыймылына тоскоолдук кылары айтылып, бир катар борбордук көчөлөрдөн алынган.

Жарнама такталары шайлоо учурунда үгүт иштери үчүн да пайдаланылып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG