Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

Өзбек бийлиги Орусияга барган мигранттары азаярын айтты


Москвадагы борбор азиялык мигрант иш үстүндө. Июнь, 2021-жыл.
Москвадагы борбор азиялык мигрант иш үстүндө. Июнь, 2021-жыл.

Бул тууралуу Өзбекстандын Иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты кыскартуу министрлигине караштуу Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиктин бөлүм башчысы Алишер Рузиев билдирди. "Азаттыктын" өзбек кызматы жазгандай, эмгек миграциясы маселелерине арналган видеоконференцияда Рузиев Өзбекстанда курулуш тармагы тез өнүгүп жатканын, айрым объектилердеги эмгек акы Орусиядагы айлыкка жеткенин билдирген.

«Бүгүнкү күндө Өзбекстанда курулуш тармагы жанданып, биздин эмгек акы Орусиядагы айрым объектилер менен бирдей болуп жатат. Мындай жагдайда Орусияга баратканда биздин жарандардын саны азайышы мүмкүн», - деди Рузиев.

Алишер Рузиевдин айтымында, Өзбекстандагы кээ бир ири курулуштарда куруучулар айына 500-600 доллардын тегерегинде маяна алышат. Ал ошондой эле акыркы эки жылда мекеме жарандарды мурункудай Орусияга гана эмес, Европага да ишке жиберип жатканын белгилеген.

Июнь айынын башында коңшу өлкөнүн президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Орусиядагы өзбекстандык эмгек мигранттарынын саны акыркы сегиз жылда 4-6 миллиондон 1 миллионго чейин азайганын билдирген.

Соңку эки жылдан бери Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны да кескин азайды.

Орусия Украинага согуш ачкан 2022-жылдын февралынан кийин мигранттардын көбү Батышка, АКШга ооду. Соңку бир жылда эле 180 миңдей кыргызстандык Орусиядан чыгып кеткени айтылган. Бир жагынан мигранттарга карата текшерип-тескөөлөр күчөсө, экинчи жагынан Батыштын санкцияларына улам рубль туруксуз болуп, соңку аптада акча которууда дагы маселе жаралганын мигранттар белгилеп жатышат. (AiA)

XS
SM
MD
LG