Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:24

Активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты


Афтандил Жоробеков
Афтандил Жоробеков

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып камалган жарандык активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты. Мындай чечимди активисттин баш коргоо чарасын 15-июнда караган Ленин райондук соту кабыл алганын анын адвокаты Жаныш Бараков “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, сот жараянынын жүрүшүндө адвокат Жоробековдун ишинде мыйзамсыз чакырыктарды экспертиза аныктабаганын жүйө кылып, үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Сот адвокаттын өтүнүчүн канааттандырды.

40 жаштагы активист мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн 2023-жылы 9-декабрда камалган. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Жоробековдун жакындары анын чакырыктарында жапырт башаламандыкка үндөө жоктугу экспертизада далилденгенин белгилеп жатышат.

Кармалгандан кийин анын автоунаасында жана батиринде тинтүү болуп, ноутбук, чөнтөк телефону алынган. Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү алынган ноутбук, телефон боюнча техникалык экспертиза дайындап, анын жыйынтыгы "массалык башаламандыктарга чакырык жок" деп чыккан.

Свердлов райондук соту ишти кароодон баш тартып, токтом менен Ленин райондук сотуна кайра жөнөткөн.

Былтыр бийлик Кыргызстандын мамлекеттик туусундагы элементтерди өзгөртүү демилгелеп, коомчулуктагы нааразылыкка карабай, 2023-жылдын этегинде парламент аны колдогон. Мыйзамга президент кол койгон.

XS
SM
MD
LG