Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Иранда абактагы активист аялга дагы 18 жылдык жаза мөөнөтү чегерилди


Фатеме Сепери.
Фатеме Сепери.

Иранда бийликти сындаган активисттердин бири Фатеме Сепериге дагы кошумча айып тагылып, сот өкүмү чыкканын «Фарда» радиосу билдирди. Анын буга чейинки жаза мөөнөтүнө дагы 18 жылдан ашуун убакыт кошулду.

Өлкөнүн жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеинин активдүү сынчысы Сепериге ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) Израилге кол салышын айыптаганы үчүн “Израилди колдогон” деген да айып тагылганы маалымдалды.

Израил боюнча жети, “ички коопсуздукка каршы кутум” деген айып боюнча да жети, “аятоллага акаарат келтирген” деп үч жана “режимге каршы үгүт ишмердүүлүгү үчүн” деген негизде дагы 1,6 жылдык абак мөөнөтү чегерилгенин анын бир тууганы Асгар Сепери билдирди.

2022-жылдын сентябрында Ирандагы ири нааразылык акцияларында кармалган, жүрөк оорусу менен жабыркаган активисттин жаза мөөнөтү, ошентип, жалпысынан 37 жылдан ашты.

Сеперинин жакындары ага тагылган айыптардын баары негизсиз экенин айтып жатышат. Фатемеден тышкары анын бир туугандары Мохаммед-Хосейн жана Хосейн да азыркы тапта ошондой эле айыптар боюнча камакта отурушат. Сеперилердин адвокаты Хосров Аликорди да кармалган.

Фатеме Сепери — Хаменеинин отставкасын ачык талап кылып келаткан 14 активисттин бири. Камакка алынганга чейин аны бир нече жолу кармап кетип, суракка алышкан.

Ал Иранда аялдардын укугу жана эркиндиги корголо турган жаңы саясий система түзүлүшү зарыл экенин айтып келет.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG