Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келет


Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш жакын арада Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келет.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, Антониу Гутерришге Кыргызстанда жүрүп жаткан реформалар жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилет.

Кыргызстан 1992-жылы 2-мартта Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынган.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш 2017-жылы Борбор Азияга сапарынын алкагында Кыргызстанга келип кеткен. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG