Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:16

Берлинде Украина боюнча жыйынга 60тай өлкө жана уюм катышууда


Берлин конференциясы. 2024-жылдын 11-июну.
Берлин конференциясы. 2024-жылдын 11-июну.

Орусиянын чабуулдарынан коргонуш үчүн Украинага абадан коргонуучу Patriot системаларынан кеминде жетөө керек. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 11-июнда Германиянын борбору Берлин шаарында Украинаны калыбына келтирүү боюнча конференцияда сүйлөп жатып билдирди.

Зеленский Германияга буга чейин берген үч Patriot системасы үчүн ыраазычылык билдирип, "Бардык суроолордун жалгыз жообу – абадан коргонуу", - деп айтты.

Орусиянын максаттарынын бири Украинанын энергетикалык системасын иштен чыгарып, жок кылуу экенин белгилеген украин президенти өлкө быйыл бир гигаватт, жакынкы жылдары төрт гигаватт энергетикалык кубаттуулукка жетет деген так план бардыгын кошумчалады.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Киевдин өнөктөштөрүн Украинанын абадан коргонуусун мындан ары да жакшыртууга чакырды жана ушул маселени Италияда 13-июнда ачыла турган G7 саммитинде көтөрөрүн айтты.

Шольц Дүйнөлүк банктын маалыматына таянып билдиргендей, Украинага жакынкы 10 жылда реконструкциялоо үчүн 500 миллиард долларга жакын каражат керек болот.

Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен Орусиянын камакка алынган активдеринен түшкөн 1,5 миллиард еврону Украина июль айында алса болорун билдирди.

Июнь айында Украина UkraineFacility программасынын алкагында дээрлик 2 миллиард евро алат.

Берлинде 11-12-июнь күндөрү Украинаны кайра куруу боюнча конференция өтүп жатат. Иш-чарага 60 өлкөдөн эки миңге жакын саясатчы, ишкер, эл аралык уюм өкүлдөрү катышууда. Жыйынтыгында немис өкмөтү Киев менен биргеликте Украинаны калыбына келтирүү жана инвестиция тартуу боюнча узак мөөнөттүү план иштеп чыгышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG