Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:58

Блинкен Израил Газа боюнча соңку планды жактап жатканын айтты


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газадагы атышууну токтотуу боюнча планды жактай турганын ырастады. Бул тууралуу бүгүн 11-июнда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Тел-Авивде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Бул күндөрү ал Газа боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып Израилди жана Египетти кыдырууда.

«Кечээ кечинде мен премьер-министр Нетаньяху менен жолукканымда ал аталган сунушту жактай турганын ырастады. Бүгүн эртең менен коргоо министри Галлант жана башка жогорку кызматтагы израилдиктер менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Менимче, бул сунушту алдыга жылдырууда бекем консенсус бар, бирок азыркы тапта чынында баары бир кишиден көз каранды болуп турат. Алардан (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу – ред.) эмне болорун күтө туралы».

Блинкен Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) кабыл алган резолюцияны «үмүт берүүчү белги» деп атады.

ХАМАС Израил аскерлеринин Газадан толук чыгып кетишин талап кылып келет.

Израил ХАМАС Газадагы жай тургундарды жамынып алып террордук ишмердүүлүк жүргүзүп келаткан топ экенин белгилеп, ал жараткан коркунучтан өзүн толук жок кылганда гана арылса болорун жана күрөшүн аягына чыгарарын айтууда.

10-июнда БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Газадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуш кылган планын колдогон резолюция кабыл алды.

Планды май айынын соңунда АКШ президенти Жо Байден сунуш кылган. Биринчи этабында Израилдин абактарында отурган палестиндерди жана ХАМАС барымтада кармап турган израилдиктерди айырбаштоо, ок атышууну убактылуу токтотуу каралган.

Экинчи этабында барымтадагылардын баарын бошотуу, атышууну толук токтотуу жана Газадан Израилдин бардык аскерлерин чыгарып кетүү сунушталууда.

Эл эми акыркы этабында секторду калыбына келтирүү боюнча эл аралык планды иштеп чыгуу жана ХАМАСтын колунда барымтада каза болгондордун сөөгүн Израилге өткөрүп берүү каралууда.

ХАМАС «резолюциянын кабыл алынышын кубаттай турганын» билдиргени маалымдалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG