Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:08

Казакстан Орусияга кошулууга үндөгөн эки жаранын соттоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда Орусиянын курамына кирүү керектиги тууралуу айтып чыккан эки жергиликтүү тургун беш жылга эркинен ажыратылды. Прокурордун мындай жаза чегерүү тууралуу өтүнүчү канааттандырылганын бүгүн, 11-июнда Чыгыш Казакстан облусунун прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Өскемен (Усть-Каменогорск) шаардык сотунун өкүмү менен эки киши "улут аралык жана социалдык араздашууну козутуучу жарыясы жана комментарийи үчүн" соттолду, алар күнөөсүн толук мойнуна алышты.

“Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, алар 2024-жылы февраль айында интернет-ресурстарды (чат-рулетка) колдонуп, Чыгыш Казакстан облусун Казакстан Республикасынын курамынан чыгаруу максатында референдум өткөрүү зарылчылыгы тууралуу ойлорун жана ишенимдерин билдиришкен. Референдумда оң жыйынтык чыкпаса, аймакты күч менен басып алууну жакташкан. Мамлекеттин коопсуздугун жана бүтүндүгүн камсыздоо маселелери тартип коргоо жана атайын органдардын өзгөчө көзөмөлүндө турат”, - деп билдирди прокуратуранын басма сөз кызматы.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февраль айынан бери Казакстанда жикчилдикти жактаган бир нече адам камакка алынып, соттолгон.

Казакстан түндүк жана батыш тарабынан Орусия менен чектешет. Чек ара тилкесинин узундугу 7591 чакырым. Бул дүйнөдөгү эки өлкө чегин ажыраткан эң узун чек ара сызыгы болуп саналат.

Орусия Украинадагы согушун “атайын операция” деп атоодо. Ушундай операция Казакстанда да жүргүзүлүшү керек деген билдирүүлөр Орусияда утур-утур айтылып келет. Казакстандын Орусия менен чектеш тилкесинде да мындай маанайдагы тургундар бар экени социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрдөн маалым болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG