Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:04

Өзбекстан дамба жырылган жерде абал коопсуз экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда дамба жырылган жерде атайын топ иштеп жатканын, кырдаал көзөмөлдө экенин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя Кашкадарыя облусунун Шахрисабз районуна караштуу аймакта жайгашкан Гиссарак суу сактагычында 10-июндун кечинде болгон.

“Суу сактагыч дамбасынын сол тарабынан кошумча тоннел ачуу максатында инженердик-техникалык иш-аракеттер жүрүп жаткан учурда суунун агып чыгышы байкалды”, - деп айтылды ӨКМ маалыматында.

Чоң резервуар астында жарака пайда болгону, ал жерден аккан суунун ылдамдыгы секундасына 80 литрге жетип жатканы, азыркы тапта ал жерде 50 чакты атайын техника жана 160тай жумушчу иштеп жатканы, ыкчам штаб түзүлгөнү кабарланды.

"Жагдай Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көзөмөлүндө. Суу сактагыч бузулган жок. Кыйроолор жана жабыркагандар жок", — деп билдирди мекеме.

Өзбекстандын Telegram каналдары жергиликтүү тургундар машинасы менен суу сактагычка жакын аймактардан жапырт чыгып кетип жатканы тууралуу видеолорду жарыялашты.

Кашкадарыя облусу батыштан Түркмөнстан, чыгыш тарабынан Тажикстан менен чектешет.

2020-жылы Өзбекстандын Сырдарыя облусунда Сардаба суу сактагычында дамба жырылып кеткен. Кырсык болгон аймактагы айыл-кыштактардан 12 миңге чукул адам эвакуацияланган. 2570 жеке үй, көп кабаттуу 76 үй жарактан чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG