Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:58

Курман айт намазы мечиттерде гана окулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коопсуздуктан улам 16-июнга белгиленген Курман айт майрамына байланыштуу айт намаздар жер-жерлердеги мечиттерде гана окуларын кабарлады.

Курман айт, ислам эрежелерине ылайык, Орозо айттан 70 күндөн кийин, ажылык зыяраттын соңунда болот. Кыргызстандык зыяратчылар быйылкы ажылык сапарга 31-майдан тарта кете баштаган.

Быйыл Орозо айт 10-апрелде белгиленген. Орозо айт намазы да коопсуздуктан улам облус, шаарлардын аянттарында эмес, мечиттерде гана окулду.

Бир канча жылдан бери Айт жана Курман айт намазы Бишкектин эски аянтында, облус борборлорундагы аянттарда окулуп, ага он миңдеген кишилер катышып келген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG