Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

Аба ырайы: Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


12-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат.

Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр нөшөрлөп жаашы күтүлөт. Мындан тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG