Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

"Газпром" менен 2040-жылга чейин жаңы келишим түзүлдү


“Газпром Кыргызстан” компаниясынын кеңсеси. Иллюстрациялык сүрөт.
“Газпром Кыргызстан” компаниясынын кеңсеси. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн экономикалык форумдун алкагында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев "Газпром" компаниясынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту.

7-июнда өткөн жолугушууда Кыргызстандын элин газ менен камсыз кылуу багытында кызматташуу талкууланып, жыйынтыгында узак мөөнөттүү жаңы келишимдерге кол коюлду.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, "Газпром экспорт" жана "Газпром Кыргызстан" ишканаларынын ортосунда 2025-жылдан 2040-жылга чейин көгүлтүр от менен камсыз кылуу боюнча келишим түзүлдү.

"Газпром Кыргызстан" ишканасы менен Кыргызстандын "Электр станциялары" жана "Бишкекжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканалары да келишимге кол коюшту.

Маалыматка ылайык, министр Таалайбек Ибраев эки өлкөнүн отун-энергетика жаатындагы кызматташууга кошкон салымы үчүн "Газпром" компаниясынын төрагасы Алексей Миллерге ыраазычылык билдирди.

“Кыргызгаз” компаниясы Орусиянын “Газпром” компаниясына 2014-жылы символикалуу түрдө 1 долларга сатылып, "Газпром Кыргызстан" компаниясы деп аталып калган. Кыргыз өкмөтү муну Бишкектин жакасындагы конуштарга жана башка айылдарга газ жеткирүү, Ошту көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өлкөнүн газ системасын жаңылоо өңдүү маселелерди чечүү максаты менен түшүндүргөн.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы бул жылдары Кыргызстандын газ системасын реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө жалпысынан 32 млрд сом жумшаганын, натыйжада Кыргызстанда газ пайдалануучулардын саны 290 миңден 402 миңге жетсе, жылдык керектөө 205 миллион куб метрден 412 миллион куб метрге чейин жогорулаганын маалымдаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG