Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:04

Жогорку сот Бактыбек Чойбековдун мандаты боюнча чечим чыгарды


Эмилбек Абдыкадыров жана Бактыбек Чойбеков. Коллаж.
Эмилбек Абдыкадыров жана Бактыбек Чойбеков. Коллаж.

5-июнда Жогорку сот парламенттин депутаты Бактыбек Чойбековдун мандатына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен Бактыбек Чойбековдун адвокаттарынын арызын карап чечим чыгарды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттын консультанты Асылбек Рахманов билдирип, Жогорку сот №21 Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Бишкектин административдик жана Бишкек шаардык сотунун буга чейинки чечимдерин жокко чыгарганын айтты.

Ага ылайык, мандат Бактыбек Чойбековдо калат. Жогорку сот чечим боюнча кийинчерээк мааалымат берилерин кабарлады.

2021-жылы сөз болуп жаткан округдан талапкер болгон Эмилбек Абдыкадыровдун өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп келген Бактыбек Чойбеков добуш сатып алганын айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн. Боршайком 22-февралдагы отурумунда аны канааттандырган эмес.

Эмилбек Абдыкадыров БШКнын бул чечимине каршы Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылып, сот 28-февралда бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арызды канааттандырган.

Бул чечимди Бишкек шаардык соту 9-апрелде күчүндө калтырган.

Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылы февралда Бишкектин мэри болуп дайындалган. Бул кызматтан 2023-жылы ноябрь айында кетип, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп бекиген. Бул кызматта үч айдай гана иштегенден кийин жумуштан алынган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG