Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Аба ырайы: тоолуу аймактарда өткүн өтөт


Чүй облусу. Суусамыр жайлоосу
Чүй облусу. Суусамыр жайлоосу

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 6-июнда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолордо кар жаайт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун өрөөнүндө жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30

Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24

Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 30…32° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG