Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:48

Асаналиев прокуратурада коррупцияга аралашкан кызматкерлер бар экенин айтты


Максат Асаналиев.
Максат Асаналиев.

Башкы прокурордун кызмат ордуна талапкер Максат Асаналиев прокуратура тармагында коррупциялык иштерге аралашкан кызматкерлер бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 5-июнда Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин карап жаткан жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Прокуратура системасында иштеген адамдар кесипкөй болушу керек. Кайрылган адамдардын маселесин угуп, өз убагында иш алып барса көп маселе чечилет. Прокуратура системасында коррупцияга тиешелүү айрым кызматкерлер бар. Андай кызматкерлерден тазаланышыбыз керек”, - деди ал.

Максат Асаналиевди башкы прокурордун кызматына президент Садыр Жапаров сунуштады.

46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетин аяктаган.

Ал эмгек жолун 2001-2003-жылдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгында тергөөчү болуп баштаган. 2004-2010-жылдары УКМКнын Тергөө башкармалыгында улук тергөөчү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген. 2010-2011-жылдары Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгында өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп эмгектенген.

2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Биринчи май районунун прокурору болуп иштеген.

Жогорку Кеңеш 5-июндагы отумурунда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасын колдоду. Ал башкы прокурор кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон.

54 жаштагы Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG