Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:54

ЖК комитети башкы прокурор кызматына Асаналиевдин талапкерлигин жактырды


Максат Асаналиев жана Садыр Жапаров.
Максат Асаналиев жана Садыр Жапаров.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 5-июндагы кезексиз жыйынында Максат Асаналиевди башкы прокурордун кызмат ордуна жактырды. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.

46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору болуп иштеген.

Жогорку Кеңеш 5-июндагы отумурунда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасын колдоду. Ал башкы прокурор кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон.

54 жаштагы Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG