Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

"Уулдарыбызга хижаб кийгизип катабыз". Сириядагы кыргыз аялдар


Сириядагы өспүрүмдөр үчүн түзөтүү мекемеси жана ал жерде камалган кыргызстандык балдар. (Аманат сүрөт)
Сириядагы өспүрүмдөр үчүн түзөтүү мекемеси жана ал жерде камалган кыргызстандык балдар. (Аманат сүрөт)

Сириядагы өспүрүмдөр үчүн түзөтүү мекемелери же абактарда ушу тапта 9 миңге жакын адам камакта жатат. Алардын арасында кыргызстандык өспүрүмдөр да бар. Алар Кыргызстанда туулуп, кенедей кезинде ата-энеси менен Сирияга кеткен.

Биз менен маектешкен үч аял күрд кошуундары лагерлерди кыдырып, жашы 12-14төн өткөн өспүрүм балдарды энелердин колунан жулуп кеткен учурларды айтып беришти. "Азаттык" андай балдардын айрымдарынын тагдырын баяндайт.

Бул Сириядагы абактардын бирине камалган 20 жаштагы Нурмухамеддин сүрөтү. Энеси Адинада уулунун беш жыл мурун тартылган ушул гана сүрөтү бар.

Нурмухаммед. 2019-жыл, Сирия.
Нурмухаммед. 2019-жыл, Сирия.

"Бул сүрөттү 2019-жылы күзүндө мен "Ал-Хол" лагеринде жүргөндө видеодон тартып алгам. Лагердеги аялдар түрмөдө тартылган видеолордон күйөөлөрүн, уулдарын издейт. Ошондо мен да андай видеодон уулумду көрүп, сүрөткө тартып алгам. Ага чейин беш ай анын тирүү же өлүү экенин билбей жашадым".

Нурмухамед Сирияга кеткенде болгону 13 жашта болчу. Атасы, иниси согушта каза болуп, энеси былтыр анын бир туугандары менен мекенине кайтып келген.

Нурмухамеддин азыркы тагдыры белгисиз.

"2019-жылы марттын башында кичүү уулум бомбалоо учурунда каза болуп калды. 14-мартта күйөөмдөн айрылдым. Ошол күнү улуу балам тамак-аш издегени сыртка чыгып кетип, кайтып келген жок. Мен үч балам менен окопто баш калкалап отургам. Ошол жерден туткунга түшүрүп, "Ал-Хол" лагерине алып келишти. Уулумду кармап кетишкенин, ал абакта экенин кийин билдим. 2022-жылга чейин уулумдан 3-4 жолу кат келди. Былтыр бир да жолу кат алган жокмун".

Нурмухамед Сирияга кеткиче Оштогу мектептердин биринде билим алган. Күрөш менен алектенип, Түркиядагы мелдештерге катышып келген. Энесинин айтымында, өспүрүм бала Сириядагы согуш талаасына баратканын билген эмес. Адина уулунун ошол кездеги сүрөтүн карап, көп эстейт.

Нурмухамед, 2017-жыл, Сирия.
Нурмухамед, 2017-жыл, Сирия.

"Мүнөзү оор басырыктуу, сабырдуу. Ошол күнү да бир туугандарына тамак-аш издеп келейин дебеди беле. Балам чоңдордун катачылыгынын курмандыгы болуп калды. Эч нерсени көрбөй, билбей чоңойду. Мен күйөөм менен беш баламды ээрчитип алып, Сириянын Ракка шаарына 2017-жылы барганбыз. Күйөөм кимге алданып, бизди алып барды азыр деле мен үчүн түшүнүксүз. Беш балам тең Кыргызстандын жараны, бул жакта төрөлгөн. Былтыр күздө Кыргызстанга келгениме бир чети сүйүнсөм, бир чети балам калып калганына ичим ачышат. Кыргыз бийлиги "абактардан тапкан жокпуз" деп жооп беришти. Баламды күнүгө ойлоп, дуба кылып отурам. Кайненем президентке чейин кат жазды. Эгер аны алып келгенге бир мүмкүнчүлүк түзүп беришсе, жол киресине деле акча табабыз деп отурабыз".

Адина ал жашаган Сириядагы лагерде адатта күрд кошуундары эркек балдарды өспүрүм кезинде алып кетерин айтып берди.

"Буга эмне себеп экенин азыр деле жакшы түшүнбөйм. Мени менен келген уулдарымдын бири азыр 11ге чыкты. Онго чыкканда түнү менен уктабай баламды кайтарчу болдум. Эркек балдарды текшергендер күн-түн дебей келишчү. Аялдар балдарын коргоп калыш үчүн көйнөк же хижабдарды кийгизип коюшчу. Жайкысын баары ачык болуп, балдар алыстан эле күрддөрдү көрүп, өзүлөрү качып кетет. Кышкысын көбү жетишпей кармалып калат. Бирок ар бир чатырда уулу чоңоюп аткан аял баштык даярдап койгон. Коркунуч жаралганда баласы аны ала коюп эле качат".

"Уулун күтүп жүрүп, энеси каза болду"

Сириядагы өспүрүмдөр үчүн түзөтүү мекемеси.
Сириядагы өспүрүмдөр үчүн түзөтүү мекемеси.

Бул сүрөт Сириядагы өспүрүмдөр үчүн түзөтүү мекемесинде 2019-жылы тартылган. Сүрөттө башын чыгарып турган жеткинчектердин бири Айтбек (аты өзгөртүлдү). Азыр ал 15 жашта.

Айтбек да ата-энеси менен сегиз жашында Сирияга барган. Аны "Ал-Хол" лагеринен күрддөрдүн кошууну алып кетип, түзөтүү мекемесине жайгаштырган. Былтыр кышта Айтбектин энеси каза болду. Бирок өспүрүм ал суук кабарды уга элек.

"Былтыр менин кызым менен кошо Айтбектин апасы төрт баласы менен келген. Анын уулу Сирияда калган. Аял уулун күтүп, аны алып келишин суранып жүрдү. Ал "эгер балам келбесин билгенде мен өзүм кайтпайт болчумун" деп айтканы эсимде. Бирок ошол жактан эле ооруп келген окшойт. Уулун күтүп жүрүп каза болуп калды. Айтбектин азыркы тагдырын эч ким билбейт. Менде анын 9-10 жаштагы видеосу сакталып калган. Ошол мекемедеги балдардын ичинен эң арыгы, кичинекейи кыргыз бала. Башын чыгарып, кимдир бирөөнү издеп жатканы байкалып турат".

Хамида Якупова.
Хамида Якупова.

Хамида Якубова Сирияга кеткен кыздарын күткөн ата-энелер комитетинин башчысы катары бир нече жылдан бери согуш талаасында калган кыз-келиндер менен балдарды кайтарып келүүнү өтүнүп, бийликке улам кайрылып келген.

Анын айтымында, андай кайрылууларда Кыргызстанда туулуп, Сириянын абактарында калып кеткен эркек балдардын маселеси да көтөрүлүп келет.

"Биз буга чейин да бул маселе менен УКМКга кайрылганбыз. Ал балдарда эмне күнөө? Кыргыз бийлиги бизге "абактагы балдарды таппай жатабыз" деп жооп беришет. Алар Кыргызстанда төрөлүп, ал жакка өспүрүм кезинде барып атышат. Эркек балдардын маселеси тууралуу мага лагердеги аялдар айтып берген. Кызым менен да сүйлөшкөнбүз. Аялдар балдарды 10-12 жашында эле күрддөр алып кетет деп айтышты. Башында 15-16 жаштагы балдарды чогултуп алып кетишсе, бара-бара 8-10 жаштагы балдарды да алып кетишчү экен. Аялдар балдарын жашырып, болушунча коргойт. Мага айтып бергендерине караганда, алгач аларды өспүрүмдөр үчүн түзөтүү мекемесине, андан кийин чоңдордун абагына алып кетишет. Мунун бир нече себеби бар. Эркек балдар чоңоюп, кыр көрсөтөт деп ойлошот. Ошол эле кезде балдардын бойго жетип баратканына байланыштуу да болушу мүмкүн. Алар лагердегилер көбөйүшүн каалашпайт".

"Уулумду чатырда жети жылдан бери жашырып жүрөм"

Кыргызстандыктар Сириянын түндүгүндөгү "Ал-Хол" жана "Рож" лагерлеринде баш калкалап жатат. "Азаттык" "Рож" лагеринде эки уулу менен кармалып отурган аялга байланышты.

"Бул лагерге түшкөнүмө жети жыл болду. Улуу балам 13тө, кичүүсү курсакта болчу. Экөө тең ушул жерде чоңоюшту. Балалыгы ушул чатырларда өттү. Улуу балам лагерге келгенде чуркап жүргөн бала эле. Ушул жерде ойноп, иш кылып эле жүрчү. Бирок кийин эки бутун оорутуп алды".

Сириянын түндүгүндө жайгашкан Рож лагери.
Сириянын түндүгүндө жайгашкан Рож лагери.

Бул аял да адатта лагердеги эркек балдар бой жете баштаганда аларды текшерип, күрддөрдүн куралдуу кошуундары өспүрүмдөр абагына алып кетерин айтып берди.

"18 жашка чейин балдарды өспүрүмдөр абагына, андан кийин чоңдордун абагына алып барары айтылат. Эркектер лагери да бар. Эркек балдарды бой жете баштаганда алып кеткенин биз өзүбүз эркек-аял аралашып, катнашка барбашы үчүн деп түшүнөбүз. Аялдар балдарын коргоп калыш үчүн хижаб кийгизген учурлар болот. Күрддөр хижаб кийгендердин баскандарынан да кыз эркек экенин билип коюшу мүмкүн. Мен баламды чатырдан чыгарбай, жашырып келдим. Анын буту ириңдеп кеткен. Сыртка өз алдынча басып чыга албайт. Ушул чатырда бир тууган иниси менен ойноп отурат. Балдар окуп, билим албагандыктан өрчүбөй калышкан. Жашы жеткени деле жаш баладай өзүн алып жүрөт. Алар жашоо көрүшкөн жок. Көргөнү ушул Сириянын лагерлери болду".

Сириянын лагерлеринде буту ириңдеп кеткен бейтаптар көп.
Сириянын лагерлеринде буту ириңдеп кеткен бейтаптар көп.

Бул аял эки уулу менен Кыргызстанга кетчү күндү чыдамсыздык менен күтүп жатат. Анын күйөөсү эркектер лагеринде.

"Эркектер лагерине кээде бизди күйөөлөрүбүз менен жолуктурганга алып барып турушат. Лагерде иштеген аялдар да бар. Тапкан акчасын лагердеги же абактагы уулдарына жиберишет. Алардын жиберген катын күтүп турушат. Биз өз ара эркектер лагерине зыяратка жөнөдүк деп айтып коебуз. Азыр кичүү балам чоңойгон сайын амандыгын тилеп, дуба кылып отурам. Эки балам менен Кыргызстанга кетсем деп тилейм".

“Сириядагы жашоомду унуткум келет”
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:07 0:00

Сириядагы лагерлер

Сириянын түндүк чыгышында жайгашкан "Ал-Хол" - эң ири лагер. 2019-жылы бул жерде 70 миңге жакын адам камалган. Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш саясаты институтунун 2023-жылкы маалыматында лагерде 50 миңдей адам кармалып турары белгиленет. Алардын 90% аялдар жана балдар түзөт. Маалыматка караганда, лагердегилердин 23% беш жашка чейинки балдар, 42% бештен 18 жашка чейинки өспүрүмдөр түзөт.

Аль-Хол лагери.
Аль-Хол лагери.

АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Майкл Курилла 2022-жылы "Азаттык" радиосу менен болгон интервьюсунда "Ал-Холдогу" кырдаалды "өтө опурталдуу" деп сыпаттаган. "Лагерде 60тан ашуун өлкөдөн чыккан болжол менен 57 миңдей киши жашайт. Алардын көбү "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрүнүн балдары жана жубайлары. Лагерде шарт өтө начар. Ал жер кеңейип эле баратат, кош бойлуу аялдар арбын. Чынында, "Ал-Холдо" ай сайын жүздөй аял көз жарат, бул келечекте кооптуу бир нерсенин очогуна айланышы мүмкүн", - деп түшүндүргөн ал.

Америкалык генерал "Ал-Холдогу" көйгөйдү чечүүнүн бир туура жолу деп андагы ар бир адам өз өлкөсүнө, эл-жерине кайтарылып, реабилитациядан өтүп, өз коомуна кошулушун жактаган.

Кыргызстандык аялдар баш калкалап жаткан дагы бир Рож лагери "Ал-Холдон" анча алыс эмес жайгашкан. Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкерлери бул лагерлерде тамак-аш тартыш, таза суу, билим берүү жана саламаттык сактоо сыяктуу көптөгөн гуманитардык кыйынчылыктар бар экенин белгилешет.

Рож лагери.
Рож лагери.

Вашингтондогу институт бир жыл мурда жүргүзгөн изилдөөсүндө 2019-жылдан бери "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен байланышы бар эркектер менен өспүрүм балдар Сириядагы жыйырмадан ашуун убактылуу абактарда кармалып турганын жазган. Иликтөөдө өспүрүм балдарды атайын ачылган реабилитациялык борборлорго жайгаштыруу талабы болгонуна карабай, алардын көбү чоңдор менен шарты катаал абактарда отурары аныкталган. 2023-жылдын сентябрь айындагы маалыматка караганда, түрмөлөрдө отурган эркектердин саны 9 миңдей. Мындан беш жыл мурун алардын саны 10 миңге жеткен.

Мекенге кайтаруу

Бир ай мурда Сириядагы лагерлерден 432 кыргызстандык, анын ичинде 303 бала мекенине кайтарылды.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жакында эле "Азаттыкка" курган маегинде Сирия жана Ирактагы лагерлерден аялдарды балдары менен алып келүү - "мамлекеттин түздөн-түз милдети" экенин айткан:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

"Сириядагы террористтик уюмга кошулуп кеткен 800гө жакын жаран бар эле. Көбү ошол жерде, согушта курман болушту. Кээ бирлери үй-бүлөсү менен кеткен. Алар күрддөрдүн лагерлеринде журүп, ошол жакта калып калышты. 600дөн ашыгын төрт этап менен алып келдик. Азыр аларды коомго интеграция кылып жатабыз. Буга чейин үч жолу алып келингендерди үйлөрүнө жибердик. Үй-бүлөсү, туугандары менен жүрөт. Жакында алып келгендерибизден бирөө “Алтын балалыкта” жүрөт. Дагы 300 кишини жакында алып келебиз. Бул ишти биздин президенттин түздөн-түз саясий эрки менен жүргүзүп жатабыз. Алар биздин жарандар. Алар санитардык жана башка шарты жок лагерлерде жүрүшөт. Жаш балдардын кандай күнөөсү бар? Ошол жакта төрөлгөндөр, бул жактан кеткен өспүрүмдөр, арасында энелер дагы бар. Бул жакка алып келип, коомго аралаштыруу керек. Аларды алып келүү - биздин мамлекеттин түздөн-түз милдети".

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 2018-жылдагы маалыматында айтылгандай, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Алардын туугандары көпчүлүк келиндерди күйөөлөрү алып кеткенин билдиришкен. Кийинчерээк бир тобу качкындар лагерлерине түшкөн.

Тышкы иштер министрлиги Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген.

Өкмөт 2021-жылдан бери "Мээрим" деп аталган гуманитардык миссиясынын алкагында ал жактагы аялдар менен балдарды алып келе баштаган. Сириядан жана Ирактан келген аялдар менен балдарды реабилитациялоо Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жүктөлгөн. Кыргызстанга кайтып келгендер менен атайын борбордо эки-үч ай аралыгында психологдор, теологдор, социалдык жана медициналык кызматкерлер иштешет. Кийин туугандарына өткөрүлүп берилет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG