Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:55

Зеленскийдин жакынкы эл аралык иш-чаралары токтотулду


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский фронттогу кырдаалдан улам анын катышуусу пландалган бардык эл аралык иш-чараларды башка күнгө которуу тапшырмасын бергенин бүгүн 15-майда басма сөз кызматы билдирди.

«Кошумча күчтөр жайгаштырылууда, такоол бар. Чалгын кызматтары душмандын бардык ыктымал кадамдарын көрүп турушат», – деп айтылды маалыматта.

Андан мурдараак айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Зеленскийдин ушул аптанын соңуна пландалган Испанияга жана Португалияга сапарлары токтотулганын, буга фронттогу оор кырдаал себеп экенин жазып чыгышкан.

Орусия 10-майдан бери Украинанын чек арада жайгашкан Харьков облусуна чабуул коюуда. Соңку маалымат боюнча, алар бир нече айылды басып алышты, азыркы тапта согушка чейин 17 миң калкы бар Волчанск шаары үчүн кармаш жүрүүдө.

Орусия Украинанын Харьков облусу менен чектеш тилкесине 50 миңдей аскерин топтогонун, алардын 30 миңи чабуул коюп жатканын 13-майда AFP агенттигине курган маегинде Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Александр Литвиненко билдирген. Ал чек ара тилкесинде орус аскерлеринин аракети уланып жатканын айткан, бирок «Харьков шаары чабуул коюлуп алынат деп коркон жерибиз жок» деп белгилеген.

Зеленский 14-майдын кечиндеги видео кайрылуусунда Донецк жана Харьков облустарында абал «абдан чыңалып» турганын, бирок көзөмөлдө экенин айтты.

Өлкөнүн Башкы штабынын 15-майдагы маалыматына караганда, Харьков багытында орус аскерлери кайра топтолуп жатканын байкоого болот, алар жетишкен тилкеде орношуп калуу аракетин көрүүдө, өткөн түнү кандайдыр бир активдүү чабуулдар болгон жок. (RK)

XS
SM
MD
LG