Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

Кемпир-Абад иши: ЖАК Дүйшөбаевдин абалы жөнүндө маалымат берди


Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

Жазаларды аткаруу кызматы Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып, абакта жаткан саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаевдин абалына байланыштуу "Азаттыкка" маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, Дүйшөбаевдин абалы туруктуу жана медициналык кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө.

"Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесинен 14-майда айыпталуучу Кеңешбек Дүйшөбаев Биринчи Май райондук сотуна соттун талабына ылайык мажбурлоосуз жеткирилген. Сотто айыпталуучунун ден соолугунун кескин начарлашына байланыштуу тез жардам чакырылган. Ал бүгүнкү сот отурумуна медициналык кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен ден соолугуна байланыштуу жеткирилген жок. Учурда Дүйшөбаевдин абалы туруктуу. Медициналык кызматкерлери тарабынан тыкыр көзөмөлдө", - деп айтылган маалыматта.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Кеңешбек Дүйшөбаевди конвойлор ден соолугуна байланыштуу 14-майда сотко көтөрүп алып келишкен. 15-майдагы отурумга катышкан жок.

Саясатчынын абалы начарлаганына байланыштуу Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан жана үй камагына чыккан саясатчы, активисттер 15-майда да кайрылуу жасашты. Алар Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жараян башталар алдында Дүйшөбаевди ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууга чакырышты.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG