Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Казакстанда оппозициялык партиянын активистине айыппул салынды


Элвира Бекзадина.
Элвира Бекзадина.

Казакстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Алга, Казакстан» оппозициялык партиясынын активисти Элвира Бекзадинага "коопсуздук органынын кызматкеринин талабына баш ийген жок" деген негизде соттун чечими менен 110 760 теңге (250 доллар) айыппул салынды.

Qaharman укук коргоо фондунун маалыматына караганда, Бекзадинаны 12-майда Астанада «Токаевдин беш жылдан берки президенттик мөөнөтүндөгү беш жетишкендиги» деген суроо менен сурамжылоо жүргүзүп жатканда күч колдонуп кармап кетишкен.

Бекзадина өзү айтып бергендей, күч кызматкерлери аны полицияга алып барып, улам бир бөлмөгө киргизип, чачынан жулуп, колун бурап, муунтушканда ал эсин жоготкон. Бирок "Тез жардам" чакыртылган эмес, адвокат менен байланышууга да мүмкүнчүлүк бербей коюшкан.

Qaharman билдиргендей, активистке айып 24-апрелдеги окуядан улам тагылган. Ал күнү Бекзадина санаалаштары менен бирге «Алга, Казакстан!» партиясын каттоодон өткөрүү максатында документтерди тапшыруу үчүн чогулушкан. 24-апрелде алар 2022-жылдан бери 24-жолу каттоо аракетин көрүшкөн, бирок арызы бул жолу да четке кагылган.

Партиянын жетекчиси, марафончу Марат Жыланбаев бир жылдан бери камакта отурат. Былтыр ноябрда ал «экстремизмди каржылоо» жана «тыюу салынган уюмга катышуу» деген айыптар менен жети жылга кесилген. Мындай айыптоону ал өзү жана тарапташтары саясий куугунтук деп атап келишет.

17-майда казак президенти Касым-Жомарт Токаев 71 жашка чыгат. Мунун алдында оппозициячыл активисттер Астанада элдин арасында сурамжылоо жүргүзүп, Токаевдин башкаруусу алардын жашоосуна кандай өзгөрүүлөрдү алып келгенин сураштырышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG