Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун үй-бүлөсүнө таандык МИС (Машина сыноочу станция) компаниясы 90 миллион сом салык төлөбөй келгенин билдирди. Буга чейин МИС ишканасына Атамбаевдин учурунда да кылмыш иши козголуп, бирок аягына чыккан эмес. Жапаров өзү аны "саясий иш" деп баалаган.
Финпол 30-октябрда тараткан расмий кабарга ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан МИС компаниясынын өндүрүш, соода жана айыл чарба тармагындагы 30га жакын объектиси бар экени такталган.
Маалыматта, МИС ачык акционердик коомунун эки негизги акционери бар экени айтылат. Алар E.C.L. деп аталган оффшордук компания жана Ж.А.Б. аттуу кыргыз жараны. Ал Жапаровдун жубайы (Жапарова Анара Барыктабасовна - ред.) экени кабарланууда.
Финансы полициясы МИС компаниясы салыктан качып, бюджетке 90 миллион сом зыян келтиргенин билдирген.
Бул акча максатсыз пайдаланганы белгилүү болду.
“2009-жылы ал кездеги жогорку кызматта иштеген адамдардын жардамы менен Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү фондунан "Машина сыноочу станцияга" 200 миллион сом насыя бөлүнгөн. Бул каражат аталган ишканага кант кызылчасын иштетүү үчүн берилген. Мамлекеттен бөлүнгөн насыя 2012-жылы кайтарылышы керек эле. Бирок бул акча максатсыз пайдаланганы белгилүү болду. Компания насыянын төлөө мөөнөтүн эки жолу, тактап айтканда 2025-жылга чейин жылдырып, үстөк пайыздарын жойдурган”, - деп айтылат маалыматта.
Ачык булактарда МИС компаниясы Жогорку Кенештин депутаты Акылбек Жапаровго таандык экени, анын жубайынын атына катталганы айтылып жүрөт. Аталган компанияга байланыштуу 2017-жылы да кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол учурдагы маалыматына караганда, ишкананын өкмөт алдындагы карызы 237 млн. 791 миң 75 сомду түзгөн.
Акылбек Жапаров “Азаттык” радиосуна комментарий берип, 2017-жылы козголгон кылмыш ишин "саясий заказ" деп айткан.
“Чудинов премьер-министр болуп турган кезинде МИС деген компанияга акча туура бөлүнгөнбү же туура эмеспи деген таризде 2017-жылы кылмыш ишин козгоп коюшкан. Бул саясий буйрутма. Мен жана менин үй-бүлөм 200 миллион сомдун бир да тыйынын көргөн эмеспиз. Ал компанияда 2,6% акциясы бар эле. Аны ошол убакта өлкө жетекчилиги билчү. Аларга “аны (Жапаровду. ред) ошого байлап койгула, алдыда чоң саясат келе жатат” деген сөздөр болуп жаткан. Бул 2017-жылдагы окуя болуп жатат. Анткени ошол учурда президенттик шайлоо болгону жаткан. Анан УКМКга Эсеп палатасынын адистерин чакырып, “баары ордунда, күрөөсү бар, салыктар өз убагында төлөнүп жатат” деген компанияны мурда текшеришкен бүтүмүн кайра жазып бергиле дешет. Бирок ал адистер баш тартышат. Натыйжада кылмыш иши токтоп, жабылган. Азыркы жаңы бийлик да ошону текшерип, бүтүрүп жатат. Эми чындыкка чыгабыз деп ойлоп жатам. Анткени ал компания график боюнча акчасын толук төлөп жатыптыр. Эч ким, эч кайда качып кетпептир. Ошондуктан жооп берүүгө баары даяр экен. Муну саясий буйрутма деп эле эсептейм. Ошол кезде КСДПны түздөп, жанында жүргөндөрдөн жалгыз мен калыптырмын. Анан мага да кылмыш иши козголгон”, - деген Акылбек Жапаров.
Ошол эле кезде Жапаров жана анын үй-бүлөсү Финансы полициясынын 90 миллион сомдук салык боюнча маалыматына комментарий бере элек.
Жапаровдун ысымы аталган МИС компаниясына байланыштуу 2017-жылдагы окуяга кенен токтолсок.
Ошол кезде атайын кызматтын маалыматына караганда, 2009-жылы ал кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругу менен Экономиканы өнүктүрүү фондунан "Машина сыноочу станцияга" 200 миллион сом насыя бөлүнгөн.
Ал учурда ишкананын акцияларына Чудиновдун кайненеси жана ошол кездеги экономика министри Акылбек Жапаровдун жубайы ээлик кылып турганы айтылган.
Келишим боюнча "Машина сыноочу станция" ишканасы мамлекеттен бөлүнгөн насыяны 2012-жылы эле кайтарып бериши керек болчу.
Бирок Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү фонд насыяны төлөө мөөнөтүн эки жолу мыйзамсыз узартканы айтылат. Бирок андан бери бул иш тууралуу расмий маалымат айтылган эмес.
Чүйдөгү Ысык-Ата районунда жайгашкан "Машина сыноочу станция" союз учурунда айыл чарба техникаларын сыноочу ири ишкана болгон. Ал курамында бир нече объектти камтыган. Эгемендик жылдары менчиктештирилип, мүлкү сатылып кеткен эле. Учурда аталган ишкананын базасында асыл тукум мал багылып, сүт азыктары өндүрүлүп келет.
Жарандык активист Адил Турдукулов күмөндүү жол менен байыган аткаминерлердин иши иликтениши керек деп эсептейт.
“Бир күн да ишкерлик кылбаган, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, депутат болуп жүрүп анан олигарх болуп калган адамдардын байлыгы күмөн туудурбай койбойт. Ошондуктан тиешелүү органдар муну так жана ачык иликтеши керек болчу. Тилекке каршы, андай эмес. Укук коргоо органдары тескерисинче күмөндүү жол менен тапкан байлыкты коргоп жаткандай элес калтырып келген. Мындай иштер буга чейин көп жолу айтылган. “Мына текшерип жатабыз, бул чиновникке кылмыш иши козголду” деген коркутуу сыяктуу компания иштеп келген. Азыр аягына чейин иликтенет деген үмүт бар. Бирок кайра эле мурунку көрүнүштөр орун албайбы деген күмөн ойлор жаралбай койбойт. Ал эми Акылбек Жапаровго байланыштуу иште өзү аны “саясий буйрутма” деп айтып жатат. Менимче, антип айтканга негиз жок. Анткени Жапаров мындан мурунку бийликке эч качан оппозиция болгон эмес. Тескерисинче, алар түптөгөн системанын түзүүчүлөрүнүн бири болгон”,-деди Адил Турдукулов.
Буга чейин депутат Акылбек Жапаров премьер-министрдин экономика жана финансы боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси болгонун билдирген. Ал өткөн аптада шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгечилердин бири болуп, парламент жыйынында баяндама да жасаган.
Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 27-октябрда Коомдук каналдагы маегинде Акылбек Жапаровду кызматтан алганын билдирген. Анын айтымында, Акылбек Жапаровдун билимин жана тажрыйбасын эске алуу менен кеңешчи болууну сунуш кылган. Бирок өкмөт башчы кийинки убакта анын дарегине айтылган сындан жана анын билдирүүлөрүнөн улам кызматтан алууну чечкен.
Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова буларга токтолду.
“Жаңы келген өкмөттүн мүчөлөрү кызматка келгенде “коррупция менен күрөшөбүз” деп популисттик чакырыктарды айтышты. Эми эл да аны талап кылып жатат. Эгер коррупционерлерди чындап кармай турган болсо, андай аткаминерлер толтура. Табыла берет. Бизнестин 60% көмүскөдө деп айтылып жатат. Анын көбү чиновниктердики. Ошондуктан коррупция менен күрөшүү системалык түрдө жүрүшү керек. Мыйзамдын алдында тең укуктуулук сакталышы керек. Мүлкү жазылган декларация менен бардык кызматтагы адамдар текшерилиши керек. Бул механизм мыйзамда он жылдан бери бар. Бирок аны иштеткен киши жок. Ошондуктан көп кишинин мыйзамсыз байыганы ачыкка чыкпайт. Азыркы бийлик башындагылар өзүнөн баштап, мүлкүн ачык көрсөтүп, элге тазалыгын далилдеп бериши керек. Бирок мен аны ишке ашарына ишенбейм. Бул иш Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүү саясатындай эле улана берет. Тандалма күрөш болот. Оппозиялык маанайдагы саясатчылардын “оозун жабуу” үчүн камоонун куралы болуп кете берет”,- деди Сооронкулова.
Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров бийликке коррупцияны кан буугандай токтотуу тууралуу кат-кат убада менен келген.
Бирок ал 29-октябрда өкмөттүн курамынын алгачкы кеңейтилген жыйынында Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш өтө татаал экенин айтты.
Ал жемкорлукту башкаруу системасын өзгөртүп гана жойсо болот деп эсептей турганын билдирди. Жапаровдун коррупцияга каршы алгылыктуу күрөш жүргүзүү үчүн Конституцияны өзгөртүү зарыл деген деген тариздеги билдирүүсү коомчулук кызуу талкуулаган темалардын бирине айланды.