Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:49

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге барды


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 14-майдын таңында Украинага барды. Анын бул сапары тууралуу алдын ала жарыяланган эмес.

Блинкен Орусия 2022-жылдын февралында Украинага кол салгандан бери Киевге ушуну менен төртүнчү жолу барып олтурат. Ал Польшадан түнкү поезд менен барганы кабарланды.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, Энтони Блинкен украин президенти Владимир Зеленский, премьер-министр Денис Шмыгал жана тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугуп, фронттогу соңку абалды, АКШнын аскердик жана экономикалык жардамынын таасирин, коопсуздук жаатындагы узак мөөнөттүү милдеттенмелерди жана Украинанын экономикасынын калыбына келишине колдоо көрсөтүү маселесин талкуулайт.

Блинкен Х социалдык түйүнүнө: "Мен бүгүн Киевге өзүнүн эркиндигин орус агрессиясынан коргоп жаткан Украинага биздин чексиз колдообузду көрсөтүү үчүн кайтып келдим", - деп жазды.

24-апрелде АКШда Украина үчүн 61 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоору дээрлик жарым жылдык талашып-тартышуудан кийин кабыл алынган.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери шаар-кыштактарды куралдын көптөгөн түрү – учкучсуз согуштук учак, ракета, авиациялык бомба, жапырт аткылоочу система менен аткылоодо, бирок жарандык объектилерди бутага алганын четке кагууда.

Батыш убада кылган курал-жарактын жетишсиздигинен фронтто абал оор экенин Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын башчысынын орун басары Вадим Скибицкий өткөн аптада билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG