Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:10

Орусиянын жана Казакстандын айрым аймактарын суу каптады


Якутия.
Якутия.

Орусиянын жана Казакстандын айрым аймактарында кардын эришинен пайда болгон сел жана суу ташкындын айынан өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу 13-майда тийиштүү мекемелер маалымдашты.

Орусиянын Якутия республикасында төрт айылды суу каптаганы, Омск облусунда Иртыш дарыясында суунун деңгээли чукул арада жогорулап кеткендиктен жээктеги төрт айылдын жашоочулары эвакуация болгону маалымдалды.

Казакстандын батыш аймагындагы Атырау облусунда Индербор шаарында Урал дарыясында суунун деңгээли жогорулагандыктан кооптуу абал түзүлүп турганы кабарланды.

Эки өлкөнүн чектеш аймактарында март айынын соңунда нөшөр жаандан жана кардын эришинен улам башталган селдин айынан ондогон облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган, бир нече адам каза болгону расмий тастыкталган, жүз миңден ашуун адам эвакуация болгон, миңдеген үйдү суу каптаган. (RK)

XS
SM
MD
LG